www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Саламатсызбы,  “Садыр Жапаров өзүнө-өзү кол салды” деген маалыматтын канчалык деңгээлде чындыгы болушу мүмкүн?

-Мен ачыгын айтайын ушул тапта Садыр Жапаровдун окуясы боюнча кылмыш иши козголушу керек. Ошондо гана Садыр Жапаров өзунө өзү кол салдыбы же башка бирөө кол салдыбы ошондо гана билинет. Болгон окуя болду. Эми чындык ачыкка чыгып кылмыш иши козголушу өтө зарыл.

-Кылмыш иши кимге козголот?

-Ал жер жабык абак. Ким ага бычак берди? – Кеп ошондо жатат. Ким бычакты киргизди? Кайсы тарап? Ошол нерсени билишибиз шарт. Себеби, абакка бычак такыр кирбеши керек. Ал жаккан кандай тамак кирбесин, нанды майдалап сындырып, пирожки болобу, картошка болобу баарын майдалап тыкыр көзмөлдөн өткөрүп, ийне, тактап айтканда адамдын ден соолугуна зыян келтире турган нерселер кирбейт. Кечээги болуп өткөн окуяга түздөн-түз СИЗО-1дин жетекчиси толугу жооп берет. Ошондо гана Садыр Жапаров өзүнө-өзү кол салдыбы же аны чын эле бирөө кескилеп салдыбы ачыкка чыгат. Ошол нерсени бийлик тарап көзөмөлгө алса жакшы болот эле.

-Буга чейин Садыр Жапаровдун камерасында видеокамера бар деп айтылды эле?

-Жок, видео камера каридордо бирөө, капталда бир камера болот. Бирок мен Садыр Жапаровдун кандай камерада жатканын билбейт экенмин.

-Эми бул сыр жаткандай, эмне үчүн жакындарын же жубайын Садыр Жапаровдун ал-балын билүү үчүн киргизбей жатышат?

-Билбейт экенмин. Кечээ мага Акин Токтоалиев айтты, "жактоочусу Шарабидин Токтосунов кирип чыкты, Садыр өзү күнөөсүн мойнуна алып жатат", деди. Мен азыр эч кандай эч нерсе деп айта албаймын, ошондуктан тыкыр иликтөө болмоюн эч ким эч нерсе дей албайт. Садыр өзүнө баарын күнөөсүн мойнуна алса дагы кылмыш иши козголуп, тыкыр иликтөө жүргүзүү керек. Менин кызыкканым ким бычакты киргизди? Демек, СИЗОнун ичинен бирөө бычакты киргизди?

-Бул окуянын арты эмнеге алып келет, укук коргоочу катары айтсаңыз?

-Баарын сабырдуулукка чакырам. Бул бийликке кечээги окуя сабак болуш керек. Бул азыркы бийликке провокация болушу мүмкүн. Кокус кечээги окуя жамандыкка айланып кетсе, албетте Кудай сактасын, ортодо башка күчтөр ойноп кетет. Азыркы бийликке каршы адамдар СИЗОдо иштеп жатат. Буга чейин да мындай окуя катталып, СИЗОнун жетекчиси каза тапкан. Ошондуктан бул нерсеге бийлик тарап кызыкдар болуп, иликтөө иши жүрүшү абзел. Эгерде бийлик күнөөлүүнү таппаса, бул болгон окуя бийликтин мойнунда болуп калат. Бизден да мурун, ММКлардан мурун бул нерсеге бийлик кызыкдар болсун.  СИЗОнун жетекчиси Садыр Жапаровдун коопсуздугун эмнеге караган жок, ал кимге иштеп жатат? Бычак ким тараптан кирди изилдениш керек. Садыр бийлик корко турган саясатчылардан эмес. Бийлик Садыр тарапта болушу мүмкүн.

-Анда эмне үчүн СИЗО-1ге алып барып салды?

-Анткени анын мурунку кылмыш иши бар, ошондуктан ошол жака камалган. Ал тургай Текебаев СИЗО-1ге камалышы мүмкүн. Анткени ага козголгон кылмыш иш саясый эмес. МВД козгогон иштин баары СИЗО-1 барат.

Эске сала кетсек,оппозициялык саясатчы Садыр Жапаров 25-март күнү Кыргызстанга келе жаткан жеринен камакка алынган. Ага себеп 2013-жылы 7-октябрда Эмилбек Каптагаевди барымтага алган деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Бирок мындай билдирүүнү Эмилбек Каптагаев четке каккан. Кечээ, 2-апрелде Садыр Жапаровду өзүнө-өзү колд салды деген сөз таркаган. Азырынча абакта жаткан Садыр Жапаровдун жакындары кандай абалда экендигин билишпейт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости