Өзбекстандын президенти жеке күзөтүн кенже күйөө баласына тапшырды
Саясат  |   |  3135

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Казакстан жана Түркмөнстандагы расмий сапарында тартылган сүрөттөрдөн жана видеолордон аны кенже күйөө баласы коштоп жүргөнүн көрүүгө болот. Сыягы, жеке күөтүн кенже күйөө баласына тапшыргандай.  Ага Шавкат Мирзиёевдин 22-23-мартта Астанага жасаган сапарындагы сүрөттө   өзбек лидеринин күйөө баласы Отабек Шаханов кайнатасынын артында турат. Ошондой эле Шахановдун төшүндө президенттин жеке күзөтүнүн бейжиги тагылган.  Бирок, сүрөтөр жарыяланганы менен Мирзёевдин кенже күйөө баласынын күзөт кызматына ишке алынгандыгы тууралуу расмий кабар чыга элек.

Булак: Фактор.кж

Поделитесь с друзьями