www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-апрелде Бишкектеги «Констициялык кеңешме үчүн» кыймылы Садыр Жапаровго байланыштуу жагдай боюнча Жогорку Кеңешке шашылыш кайрылуу жолдоду. Парламент Садыр Жапаровго байланыштуу окуяга көзөмөл жүргүзүп, медициналык документтердин так болушун талап кылып, кепилдикке алышы керектиги айтылат. Ошондой эле аталган кайрылууда  Саламаттыкты сактоо министрлиги Жапаров боюнча мекемелер аралык комиссия түзүшү зарылдыгын белгилейт.

Бишкектеги №1 тергөө абагында камалып турган экс-депутат Садыр Жапаров 2-апрелде таңга жуук венасы жана күрөө тамыры кесилип, таңга маал  №47 абактын санитардык бөлүмүнө жеткирилген.

Кийинчерээк мамлекеттик жаза аткаруу кызматы Жапаровдун абалы канааттандырарлык экенин, мойну менен колун өзү кескенин билдирген. Бирок экс-депутаттын туугандары буга ишенбей турганын белгилешүүдө. Ошондой эле Жапаровдун туугандары көз карандысыз иликтөө болушун талап кылып, Садыр жапаровдун өмүрү коркунучта экенин айтышууда.

Булак: Фактор.кж

Последние новости