Алмазбек Атамбаев: "Менин мураскерим болобу же Акаев менен Бакиевдики болобу аны убакыт көрсөтөт"
Саясат  |   |  4413

Үстүбүздөгү жылдын күзүндө өтүүчү шайлоо жакындаган сайын “мураскер” темасы актуалдуу болуп, азыркы президент кимди колдойт болду экен деп коомчулуктун бүйүрү кызып турган кези. Мына ушул суроого бүгүн 3-апрелде, Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында “мураскер” боюнча суроого жооп кылды.

Өлкө башчы: “Ачык айтайын, мен бир гана Кудайдан корком, Элимдин алдында тазамын. Мага мени коргоп жана сактай турган турган мураскерге муктаж эмесмин. Кыргыз элин, кыргыз тилин, тарыхты, маданиятты коргогон жаран – менин мураскерим болот. Кийинки президентти эл өзү тандайт. Ал менин мураскерим болобу же Акаев менен Бакиевдики болобу аны убакыт көрсөтөт”, – деди.

Булак: "Эгемен"

Поделитесь с друзьями