www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда Кызы-Омпол уран кенинин тегерегинде бүгүнкү күндө бир топ талаш-тартыштар, нааразычылыктар күчөп кайра жай алды.

Тилекке каршы мындай уранды чалгындоо иштерине кимдер тарабынан кызыктар болгону коомчулукка кызык болду. Кызыл-Омполдогу уран кенин геологиялык чалгындоого 2010-жылы лицензия берилип, улам мөөнөтү узартылып турган. Ал тургай чалгындоо иштери аягына чыгып калган. Лицензия берилген убакта А. Атамбаев премьер-министрлик кызматта олтурган. Бул тууралуу “Чалкан” сайты жазып чыкты.

КСДПнын басма сөз кызматы: “Кыргызстандын тоо-кен казуу тармагында А.Ш. Атамбаев артыкчылыктуу деп эсептеген кыйла келечектүү жана коопсуз долбоорлор бар. Дал ушул себептен А.Ш. Атамбаев 2019-жылдын 27-мартында «24.kg» маалымат агенттигине жарыяланган макаладан уран иштетүүчүлөрдүн «бийлик тарабынан, тактап айтканда, Кыргызстандын Президентинин жана Өкмөтүнүн аппараттары тарабынан толук колдоого алынып, жардам көрсөтүүлөрүн» окуп, таң калган”, — деп жазат.

Муну окуган кыргызстандыктар: «Деги эле мунун таң калгыч болуп калганын, кылгылыкты кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп, анан «таң калып» отуруп калат», — деп жек көрүп турушат. Себеби, лицензия анын убагында берилип, анан ал тарбиялап өстүргөн жаш кадрлар тарабынан кайра-кайра мөөнөтү узартылып отурганын 24-апрелде өкмөттүн Жогорку Кеңеште берген отчету маалында да укпадыкпы?

«Уранды иштетүүгө Орусиянын 30 млн. долларын алышкан, ошого берип жатышат» деген туура эмес. «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы 2004-жылы бизден каттоодон өткөн. 2010-жылы геологиялык изилдөөгө алган. 2011-жылы кайра эле геологиялык чалгындоо деп алыптыр. Ал убакта жаратылыш ресурстар министри болуп Кайрат Жумалиев иштептир. 2011-жылы май айында Кызыл-Омпол берилген экен. Экинчи жолу Замир Эсенаманов кол койгон. 2012-жылы лицензиялык келишимге Чоноев кол коюп, узартып беришкен. 2014-жылы 2015-жылга чейин узартууга Зилалиев кол койгон. Ал уранга деп кол койгон. Алар уран өндүрүлөрүн билишкен», — деди парламентте өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев.

Демек, Атамбаев деле ал жерде уран казыла турганын билген. Анан эми түштөн кийин «өлүмүш» болгондун эмне кереги бар?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости