www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-апрелде «Бир алкак – бир жол» эл аралык кызматташтыктын Экинчи форумуна жана «Дүйнөлүк бак өстүрүү - 2019 көргөзмөсүнө” катышуу үчүн Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Визиттин алкагында Мамлекет башчысы КЭР Төрагасы Си Цзиньпин, ККП Борбордук Комитетинин саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Хунин, бизнес-компаниялардын жетекчилери жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушат.
Андан тышкары, ал Эл аралык көргөзмө борборунда Кыргызстандын жана Кытайдын көргөзмө павильондорун көрөт, делегациялардын башка жетекчилери менен бирге “Достук оазиси” гүлбакчасында дарак отургузат.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:
Айдарбеков Чыңгыз Азаматович, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;
Сыдыков Данияр Батырович, Кыргыз Республикасынын Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
Бактыгулова Канайым Джумадиловна,  Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;
Панкратов Олег Михайлович, Кыргыз Республикасынын Экономика министри;
Мурашев Нурбек Мурпазылжанович, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;
Бейшенов  Жанат Саматович, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости