www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кумтөрдүн  25-жылдык  алтын  ташуу  тарыхы “СИАБЕКО-КАМЕКО-ЦЕНТЕРРА ГОЛД”  1994-жылы Кумтөрдүн алтынын алгач  алкымына  сологон биринчи компания – (эл аралык  каржылык  алдамчы катары таанымал, А.Акаевдин ошол убактагы  досу   Борис Бриштейндин компаниясы) “СИАБЕКО” болгон.

Андан кийин СИАБЕКО- алтын казуу тажрыйбасы жок КАМЕКО (уран менен иштей турган) фирмасына айланып кетти. Бирок, ал кийин алтын казуунун чебери болуп чыга келди. Анын жыйынтыгында, азыр Кыргызстан  мөңгүдөн, же алтындан, же пайдадан же кирешеден  жок отуруп калды. Акаевдин качып кетээр алдында, КАМЕКО – “ЦЕНТЕРРА  ГОЛД” – деп атын өзгөртүп алган.

Массалык маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык, “Кызыл-Омпол” уран кенинин ээлери катары кайрадан канадалыктардын кулагы көрүнөт. 

Аңгыча эле кайдан-жайдан “Центерранын” түбөлүк  жактоочусу, эксперт Богдецкий Валентин Николаевич  пайда болуп, “Кызыл –Омпол” уран кенинин ээлерин (канадалыктарды) коргоп, абалды чиелеништирип салды. Ага кошул-ташыл, акаевчил алдамчы-коррупционер Апас Жумагулов (муну китебимде  Касым Исаев деп атагам) окуяга  калемпир сепкендей болду. Калган схемаларды биздин эксперт Максат Мамытканов чечмелеп берди.

Ошону менен, “Кызыл Омпол” уран кенинин көшөгө  артындагы  канадалык-ээлери – Кумтөрдүн алтынын тоноп жаткан өзүбүздүн (Кыргызстандын) эле эски досторубуз КАМЕКО компаниясын коркпой белгилей берсе болот .

“Кумтөр-2” – бул  адаштырма операция. (25 жылдын ичинде, Россияга, же Кытайга же Кыргызстанга  сатылып жүргүзүлгөн жалган сатуунун баары – из жашырып, КАМЕКОдогу чыныгы ээлер –канадалыктардын изин сууту болгон).

Булак:NazarNews.kg

Последние новости