www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украина менен Кыргызстандын айырмачылыктары: 1. Бизге салыштырмалуу Украинада абал курч, ал жерде АКШ менен Орусия тирешип турушат. Президенттик шайлоолордо эки күч кагылышат. Президентке талапкер адамдар Батышка же Орусияга кадам таштаган программалар менен чыгышат. Кыргызстанда негизги басымды Москвага жасашат. 2. СССРдин он беш республикасынын бири болушкан.
Украина Орусия курамына 1654-жылы кошулса, Кыргызстан эки кылымдан кийин официалдуу 1863-жылы кошулган деп келет.
3.Экөө тең СССРдин курамынан 1991-жылы чыгышкан.
4.Кыргызстанда бешинчи, Украинада алтынчы президент, бизде Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, Жээнбеков башкарса, Украинаны Леонид Кравчук, Леонид Кучма, Виктор Ющенко, Виктор Янукович, Петр Порошенко, Владимир Зеленский болуп президент жагынан бизден ашып кетишти.
Украинанын 350 жылдай мурун Богдан Хмельницкий Орусия империясынын курамына кошкон. 1954-жылы Украинаны Орусиянын катарына кошулушунун 300 жылдыгына карата ал кезде мамлекетти жетектеген КПСС БКнын биринчи катчысы Никита Хрущев келечекти ойлобой туруп, Крымды Украинага белек кылып берген. Крым 2014-жылы мартта референдум аркылуу Орусиянын курамына кошулду. Андан соң Донецк, Луганск өз алдынча ДНР, ЛНР деген республикаларды түзүшкөнү менен дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү тааныбай, ошол жылдардан бери ич ара согуш аракеттери болуп келүүдө. Луганск, Донецкинин 1918-жылы Владимир Ленин Украинын курамына кошкон. СССР түзгөндөр 1922-жылы 30-декабрда РСФСР, Украина ССРи, Белорус ССРи жана Закавказье (Кавказ боюндагы) ССРи болгон. 1991-жыл декабрда РСФСРдин президенти Борис Ельцин, Украинанын президенти Леонид Кравчук жана Белорус жетекчиси Шушкевич Беловеж токойунда СССРди жок кылышкан. Андан бери Украинаны Кравчук, Кучма, Ющенко, Янукович, Порошенко жетектеп келди. Кравчук, Кучма негизги басымды Москвага жасашкан. Шайлоодо биринчи келген Януковичтин жыйынтыгын жаратпай, 2004-жылдын аягында башталган түстүү революциялардын негизинде Виктор Ющенко 2005-жылдын башынан президент болуп келет, багыт Орусия тараптан ооп Батышты көздөй бурулат. Де-марш алып, 2010-жылы Орусия тарапты багыт алган Виктор Янукович Тимошенкону жеңип бийликке келет. 2014-жылдын февралында майданга чыгышкандар Януковичти кетиришип, ордуна АКШты көздөй багыт алган Петр Порошенко келет.
Порошенко келер алдында Крымда референдум болуп Орусияга кошулат, ДНР, ЛНР суверендүү аймактары түзүлөт. Бул аймактарда Порошенконун заманында тынчтык болгон жок. 2019-жылдын 21-апрелинде Петр Порошенко Владимир Зеленский тарабынан катуу сокку алып, жеңилүүгө дуушар болду. Владимир Зеленскийдин программасы боюнча батышчыл, бирок бир топ жакшы өзгөртүүлөрдү алып келиши мүмкүн.
Владимир Зеленский 1978-жылы Кривой Рогдо жөөт үй-бүлөсүндө туулган. Бир учурда КВНдин Жогорку лигасында ойногон. «Кудалар» (Сваты) жана башка көптөгөн фильмдердин продюссери, өзү да көптөгөн фильмдерде ойногон. Жаштар бийликке келди эми багыт өзгөрбөйбү?
Азизбек Келдибеков, NazarNews.kg