www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азиза Абдирасулова, укук коргоочу:
"ЭКС-ПРЕЗИДЕНТТИ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГАРУУГА МЫЙЗАМ ЖОЛ БЕРЕТ"
-Баш коргоо чарасы бир гана камоо менен чектелбейт. Анын бир нече түрлөрү бар. 1) Кепилдик. 2) Күрөө. 3)Сыртка чыкпоого тыюу салуу. 4) Үй кама-ы. 5)Эң катаалы камакка алуу.
Баш коргоо чаранын бул түрү соттолуучу коомго же кимдир бирөөгө коркунучтуу болсо, качып кетүүсү мүмкүн болсо, жашаган жери так болбосо, тергөөгө тоскоолдук кылышы мүмкүн деген жагдайларда колдонулат. Негизи экс-президентти үй камагына чыгарууга мыйзам жол берет.
Жолдошбек Токев, аналитик журналист:
"БИЙЛИКТЕГИЛЕР ТЫНЧТЫКТЫ, СТАБИЛДҮҮЛҮКТҮ КААЛАСА, АТАМБАЕВДИН ДЕН СООЛУГУНА ТЕЗ АРАДА КАМ КӨРҮҮСҮ ЗАРЫЛ"
-Деги эле А.Атамбаевдин камалышы мыйзамсыз болгон. «Мыйзамдын артка карай күчү жок» деген Эл аралык юридикалык норма сакталбай, парламент болсо ошол эрежени (норманы) эске албай, туруп, атайлап эле «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү мыйзамды» да бузушуп экс-президент А.Атамбаевдин кол тийбестигин алып коюшкан. Конституциялык палата болсо юридикалык эрежеге түкүрүп «туура» - деп чечим чыгарган. Кызыгы, КРнын "Кылмыш процессуаддык кодексинин 479-беренесин оңдобой туруп Кой-Таш операциясын жасашкан. Бул беренеде "КРнын экс-президенти кармалбайт, тинтилбейт, камалбайт» - деп жазылган.
Айтор, боткону чалышып, ондогон беренелерди эстен чыгарышып, мыйзамдыкка, баш аламандыкка жол беришкен. Эгер эртедир-кечтир А.Атамбаев Эл аралык сотко кайрылса баары шерменде болушат.
Эми, ушундай юридикалык катачылыкка жол берилгенден кийин, А.Атамбаевди жакшылап дарылатуу бийликтин милдети. Аны үй камагына чыгарып дарылатабы, чет өлкөгө алып барып дарылатабы муну бийлик ойлонушу керек.
Эгер кокус бир нерсе болуп кетсе, эл 2010- жылдын 7- апрелиндегидей эле толкуп кетет. Ошол 7- апрелде эл лидер жок эле уюшулуп, оттон, октон коркушпай чыгышкан.
Баса, 2010-жылы 7- апрелде курман болгон баа-ырларды жерге берген күнү 9-апрелде Чоң-Таштагы «Ата-Бейитке» топурак салууга эң аз дегенде 50- 60 миң адам барган. Эч ким "барып топурак салгыла» - деп уюштурган эмес.
«Баатырлар көмүлүп, 50- 60 миңдей адам таркагандан кийин да «Ата-Бейитке» түн киргиче эл агылып келип жаткан. Болжол менен "20 миңдей адам келип куран окушту» - деп ошол жерде болгон бирөө айтканын уккам. Азыр көптөгөн элдин көңүлү Атамбаевдин ден-соолугуна бурулуп жатат. Эгер тынчтыкты, стабилдүүлүк каалашса бийлик Атамбаевдин ден соолугуна тез арада чара көрүүсү зарыл.
Өндүрүш Токтонасыров, укук коргоочу:
"ООРУП ТУРГАН АДАМДЫ КЫЙНООГО САЛГАН ЖАРАБАЙТ"
-Атамбаевдин ден соолугу начарлап баратса, стационардык дарыланууда болсун. Көзөмөлгө алынсын, кайтарууда болсун дегеним. Ооруп турган адамды кыйноого салган жарабайт. Бирок анын күнөөсү бар.
Исхак Масалиев, Жогорку Кеңештин депутаты:
"МЫЙЗАМДЫН АЛКАГЫНДА БОЛУШУ КЕРЕК"
-Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгаруу да, чыгарбоо да мыйзам чегинде, мыйзамдын алкагында болушу керек.
Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу:
"АТАМБАЕВ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГЫШЫ КЕРЕК"
-Алмазбек Атамбаевдин абалы кескин, начарлап жатса, үй камагына чыгышы керек. Анткени, ал шектелген кылмыш тастыктала элек. Ошондой эле сот аркылуу анын экс-президент деген статусу алына элек. Өчөшүп, саясат үчүн камай бербей, мыйзамдын алкагында иш кылышы керек. Анткени, үй камагына чыгарууга мыйзам жол берет. Бийлик да жол бериши керек.
Самсаалы Четинбаев, коомдук -активист:
"ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГАР КОЮП ДЕЛЕ ТЕРГӨӨ ИШ ЖҮРГҮЗӨ БЕРСЕ БОЛОТ"
-Эгер Батукаевдикиндей болуп жалган эле «сценарий» болбосо, анда үй камагына чыгарып коюп деле тергөө иштерин жүргүзө берсе болот. Буга мыйзам жол берет.
Ташболот Балтабаев, экс-депутат:
"УБАГЫНДАГЫ КАЧЫП КЕТ ДЕГЕН ИШАРАГА КӨНБӨЙ КОЙГОНУН ЭСКЕ АЛЫП, ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГАРСА БОЛОТ"
-Тергөө процесси созулуп кете берсе, ден соолугу кескин начарлап атса, Атамбаевди убагындагы качып кет деген ишарага көнбөй койгонун эске алып, соттун чечими чыкканча үй камагына чыгара турса болот деген логика бар.
Кеңешбек Дүйшөбев, генерал:
"БААРДЫГЫ МЫЙЗАМДЫН ЧЕГИНДЕ БОЛУШУ КЕРЕК"
-Бардыгы мыйзамдын чегинде болушу керек. Көп саясий туткундар абакта жатып ооруп калганда ошол жакга эле дарылоодон өтүшчү. Мыйзам алдында баарына бирдей мамиле болушу керек.
Булак: Ачык саясат