www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 21-октябрда Азиз Батукаевдин иши боюнча прокуратуранын кассациялык даттануусун кароо 16-ноябрга жылдырылды. Бул тууралуу адвокат Сергей Слесарев билдирди.
Анын айтымында, буга Жогорку соттун коллегиясынын судьяларынын биринин ооруп калганы себеп болгон.
Слесарев бул иштин ачык каралышын камсыздоону каалашарын кошумчалады. Жабык процесс Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана өлкөнүн мыйзамдарына каршы келет.
Эске салсак, бүгүн, 21-октябрда Жогорку соттун имаратынын жанына экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулуп, митинг өткөрүштү. Жалпысынан митингге чогулгандардын саны 70ге жакын. Алар соттон бул ишти акыйкат карап, Атамбаевди УКМКнын абагынан бошотууну талап кылышты.
Булак: NazarNews.kg