www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги президенттикке  талапкер болгон, кандай маселе болсо да өзгөчө пикирин айткан Алмазбек Каримовду кепке тартып, кыргыз саясатында орун алган айрым жагдайлар тууралуу сүйлөштүк?

-Алмаз мырза, Шадиевдин мандат маселеси да маселе жаратып, башта  өз эрки менен мандатынан баш тартты деген маалымат кетсе, азыр ал арыз жазбаганын айтып, интернетке билдирүү таркатты го?

-Мунун баары саясат  саат сайын өзгөрүп жатканын далилдейт.  Шадиев мандатынан айрылгысы келбеген билдирүү таркатканынын да жөнү бар. Анткени, ал мандатты чоң каражат кетирип алган. Ошон үчүн мандаттан айрылгысы келбей жатат. Анын үстүнө арызды өз колу менен жазганбы же жазбаганбы деген да маселе жаралды. Эгерде арызды өз колу менен жазганда кайра чыгып, коомчулукту дүрбөлөңгө салган билдирүү таркатмак эмес. Шадиевдин маселесинде кечээ башка, бүгүн башка жагдай жаралып жаткандын өзү саясат ушактын деңгээлинде жүрүп жатканын далилдеди.

-Бирок, Алтынбек Сулайманов Шадиевдин билдирүүсүнөн кийин “ал кайсы оюнду баштап жатат” деди  го?

-Негизи иш козголгондон кийин ал аягына чыкмайын мындай оюндар болбошу керек эле. Сот ак болсо ак, кара болсо кара деген тыянак чыгарбашы керек болчу. Бизде болсо, баары башаламан болуп, түрдүү, ойго келбеген жагдайлар жаралды..

-Баса, КСДПда дагы абал тынч эмес. Иса Өмүркуловду да партиядан чыгарышты. Неге Атамбаев менен ысык-суукта жүргөн 25 жылдык мээнетин  эске алышкан жок?

-Иса Өмүркуловдун партиядан чыгышы  саясий чечим болду. КСДПда Өмүркуловго окшоп ысык-суук күндөрдү көргөндөр да, кокустан келип калган олигархтар да бар. Ошондой эле байлыгын, бизнесин сактап калууну көздөгөндөр  шефи оор абалга кептелгенде кара башын коргоп калуу үчүн кемеден секире баштагандар да бар. Негизи  КСДПнын көпчүлүгү шопурдай абалга кептеле тургандар. Бирок, Иса Өмүркуловду мүчөлүктөн чыгаруу  КСДПга чоң минус алып келди. Эми бири-бирин чукуп, КСДПнын былык-чылык иштеринин баары өзүнөн өзү  ачыкка чыгат. Бул нерсе КСДПны деградацияга алып келет. Көпчүлүгү парламенттик  шайлоону утурлай баштагы адаттарына салып,  потхалим партияларга кошулушуп, депутат болуунун жолун издешет.

-Иса Өмүркуловду, КСДПны кандай тагдыр күтөт?

-Иса Өмүркулов эски карт бөрүлөрдүн бири. Ал сүйлөшүүлөрдү бүткөрүп алган үчүн ушундай кадамга  барды. Ал парламенттик шайлоо бийликке ыктаган партиянын бучкагын кармап, дагы парламентке баруунун жолун табат. Жашап кетет. Утуш Өмүркулов тарапта болот. Анткени, бийликке ыктап, өз командаларын таштап кеткендер утушка ээ болуп жатат.  Болгону, ушул жагдайдан кийин кадыры түшкөн КСДПнын мындан да кадыры кетет. Партия ичинде күч алган  интригалардын баары 2020-жылкы шайлоо процесстерине тиешелүү.

-КСДП Атамбаевсиз деген ураан   ишке ашып бараткандай сезилет? Анткени, мурунку президентке  каршы топту КСДПнын ичиндегилер эле каржылап жатыптыр. Алар Атамбаевден партияны тартып алабы  же аны партиядан чыгарып салышабы?

-Атамбаевдин партиядан чыгып же чыкпоо боюнча саясый кеңеши чечим кабыл алат. Ал партиянын ички маселеси болот. Бирок, ошол партиянын ичиндеги интрига  келечекте ошол эле “Ак Жол”, “Алга Кыргызстан” партиясындай  болуп,  юридикалык жактан партия болуп турганы менен саясый күч катары  жоголуп кетет.  Атамбаев партиядан чыгат, чыкпайт деген юридикалык күчү жок жөн эле сөз болуп калат. Анткени, Атамбаев партиянын негиздөөчүсү . Мындай интрига болгондо партия негиздөөчүсү менен калат. Мүчөлөрү, саясый кеңештин баары четтеп, өлүк партияга айланып кетет. КСДПнын коммунизмге алып барганынын кесепети, 6 жылдан бери Атамбаевдин тегерегиндеги гана олигархтардын байыганын кедергиси  КСДПнын жок болушуна шарт түзөт. Бул партиянын келечеги жок. Себеби, Кыргызстанга КСДПдай эч ким кыянаттык кылган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости