www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Microsoft" компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс дагы бир ачылыш жаратты. Ал Кытайда болуп өткөн көргөзмөдө суусуз иштей турган атайын канализациясы кереги жок өзү ойлоп тапкан унитаздын ачылышын көрсөттү. Көрсөтмөдө суусу жок иштей турган унитазга химиялык элементтердин пайдаланышын айткан.
Гейтс, учурда мындай заманбап иштелип чыккан унитаз эми атайын рынокко чыкканга даярдыгын айтып, “унитаздын концепциясы жакын арада иштеп чыгуучуларга берилет”, - деди.
Гейтстин "Reuters" агенттигинин кабарчысына берген маегинде ажатканалар суу иштетилбеген унитаздарга өтүшүн айтып, мындай унитаздар баардык талаптарга ылайыктуу, заманбап жана колдонууга ыңгайлуу экендигин ырастаган.
Белгилей кетсек, "Forbes" журналынын маалыматына таянсак Билл Гейтстин байлыгы 90 млрд АКШ долларын чапчыйт. Дүйнөдөгү бизнесмендердин ичинде эң бай адамдардын экинчи катарында турат.
Булак: NazarNews.kg