www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШда алты жаштагы бала кошунасынын бакчасындагы гүлзардан жоогазын гүлүн жулуп алгандыгы үчүн сот жообуна тартылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, адаттан тышкары иш Түндүк Каролина штатында каралды. Бала сот отурумуна катышуусу керек болчу. Анткени штаттын мыйзамдары айыпталуучунун жашына карабастан анын жеке өзү катышуусун талап кылат.
Прокурор отурумду өткөрүү үчүн кичинекей айыпталуучуга түстүү китеп жана карандаштарды берүүгө аргасыз болгон. Анткени алты жаштагы балага өз ишине көңүл буруу кыйынга турган.
Жыйынтыгында сот баланын энеси жүйөлүү себептер менен даярдык көрүү отурумуна катыша албай турганы белгилүү болгондо ишти жабуу чечимин чыгарган.
Булак: NazarNews.kg