www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушу тапта Конституцияны өзгөртүү жөнүндө сөз жүрүүдө. Анын артында кайсы бир күчтөр бар экени көрүнүп турат. Баш мыйзам 9 жолу өзгөртүлүптүр, дагы качанга чейин өзгөртө беребиз? Буга чейинки конституциялык өзгөртүүлөр ар дайым бир эле максатты – бийлик рычагын бекемдөөнү көздөп келген.

Анын айынан эки жолу революция болду. Менимче, Конституцияны өзгөртүү туура эмес. Референдумда элибиз парламенттик башкаруу жолун колдогон, анын эркин сыйлашыбыз керек. Өзүӊүздөр жакшы билесиздер, Конституция жоболоруна ылайык, Жогорку Кеӊешке көптөгөн ыйгарым укуктар берилген. Мисалы, парламент мамлекеттик бюджетти бекитет. Президент ага өзгөртүүсүз эле кол коюп жатат.

Жогорку Кеӊештин 80 жылдык маарекесине арналган иш-чарада «легендарлуу парламенттин» спикери Медеткан Шеримкулов Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү эртелик кыларын айткан болчу, мен ага кошулам. Биз Баш мыйзамдын иштешин камсыз кылышыбыз керек. Ал эми көмүскө күчтөр эл арасын дүрбөткөндү токтотсун»-деген оюн депутат Алтынбек Сулайманов парламент трибунасынан билдирди.

Булак: «Айгай-пресс»

Последние новости