www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн бизди өзгөчө кырдаалды кабыл алууга чакырышты. Күн тартиби тууралуу маалымат бериле элек, азыр күтүп жатабыз ", - деп билдирди 10-октябрда журналисттерге Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов (" Бир Бол ") парламенттин кезексиз сессиясынын алдында.

- Акыркы окуяларды кандай баалайсыз - кечээ жана бүгүн?

-Окуяларды баарыбыз көрүп жатабыз, абал жакшы эмес.

- Кризистен чыгуунун жолдору барбы?

- Өзгөчө кырдаалды киргизишибиз керек, жаңы шайлоону тез арада өткөрүшүбүз зарыл.

- Импичмент маселеси актуалдуубу? Сооронбай Шарипович кызматтан кетүүгө даяр экендигин билдирди.

- Азырынча күн тартиби жөнүндө эч нерсе билбейбиз, алар эч нерсе деп айтышкан жок, жолугушууга келишти, эми көрөбүз.

- Сиз, Садыр Жапаровду колдойсузбу?

- Мындай суроо жок. Күн тартибинин эмне экендигин көрөбүз, бизге күн тартиби берилген жок.

АКИпресс маалымат агенттигинен кыргызчаланды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости