www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вашингтон коронавируска каршы дары сыноодон ийгиликтүү өткөнүн жарыялады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, АКШнын президенти Дональд Трамп COVID-19 инфекциясын дарылоо үчүн колдонулуучу америкалык "Remdesivir" деген даарыны тез аранын ичинде колдонууга уруксат берүү боюнча сунушун билдирди. Мурда бул каражаттын коронавируска каршы күрөшүү эффективдүүлүгү боюнча илимий басылмаларда карама-каршылыктар айтылып келген. Бирок АКШнын Саламаттыкты сактоо улуттук институту дарыга карата апрель айында жүргүзгөн клиникалык сыноосу ийгиликтүү өткөнүн билдиришкен. Алсак, "Remdesivir" клиникалык сыноодо илдеттен сакаюуну 31 пайызга тездеткени аныкталган.

“Албетте, бул дарыны колдонуу ооруну 100 пайызга жеңет дегенге кепилдик бербейт. Бирок ал вирустун организмде жайылышын токтотуу менен эффективдүүлүгүн көрсөтө алганы тастыкталган. Себеби дарыны ичкен бейтаптар айыгып, ооруканадан эки аптанын ичинде чыгышкан. Учурда дарынын коопсуздук деңгээли жана канча пайызга эффективдүү экени толук изилденүүдө”,-деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости