www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир нече күндөн кийин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл толот. Мамлекеттик каттоо кызматы Жеңиш күнүнүн 70 жылдык мааракесине карата pobeda.srs.kg интернет долбоорун ишке ашырган. Анда согуш талаасындагы каргашалуу күндөрдө жакындарына, досторуна, Ата Журтуна эр-жигиттер тарабынан жазылган каттаржарыяланган.

Төмөндө Темиркул Үмөталиев Аалы Токомбаевге жолдогон каты өзгөртүүсүз берилди:

"Кагылайын Аалыке! Жоомартты (Жоомарт Бөкөнбаев) укканыма 5 күн болду. Көзүм караят, жүрөгүм ысыйт. Ыйлай берип көзүмдүн жашы түгөндү. Кызыл армиянын даңктуу жеңиштеринин күнү. Ар күнү миңдеген кыштак, ондогон шаар бошоп жатат. Эл кубанып жүрөт. Мен болсо нес кишиче кубанууну да, ыйлоону да билбей басып жүрөм.

Акыркы чоң жеңишти баарыбыз чогуу көрсөк жакшы болот эле. Ойлогондой болбойт экен да. Колдон келер эч арга жок. Жоомарттын эмнеден каза тапканын эч ким жазбайт, Аалыке. Эмне болду? Саламат болуңуз. Темиркул",-деп жазылган катта.

Эске салсак, Кыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиев Улуу Ата Мекендик согушта Калинин, Түштүк-Кавказ, Закавказье, Украина, Румыния, Болгария, Югославия, Венгрия, Австралияны фашисттерден бошотуу үчүн салгылашкан. Согуштан кайтып келгенден кийин басма сөз кызматтарында башкы редактор болуп, бир катар кызматтарда эмгектенген.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости