www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америкалык миллиардер жана Insys Therapeutics фармацевтикалык ири компаниянын негиздөөчүсү Джон Капур опиоидди алдамчылык жол менен жарандарга таркатууга жана аны уюштурууга шектелди.
Капур 2017-жылы октябрда ФБР тарабынан кармалган. Маалыматка ылайык, ал докторлорду сатып алып, алар муктаж болбогон адамдарга эле опиоиддик дарыларды жазып бере беришкен. Опиоид-бул морфинден да бир нече эсе күчтүү наркотикалык зат.
Бостон шаарында федералдык соттун бир нече адамдан турган комиссиясы Капурдун ишин үч жумадан ашык карашкан. Аталган иш боюнча кылмыштуу топ түзүү максатында, бир топ мыйзамсыз иштерди жасаган Insys компаниясынан төрт топ-менеджери да жоопкерчиликке тартылган.
АКШда акыркы 25 жыл аралыгында опиатты колдонуу жыл сайын жазылуучу 200 миллион дарынын эсебине кирген. Бул өлкөдө героинге көз каранадылардан опиат затына көз карандылар 5 эсе көп. Героинден 100дөн 10 киши өлсө, бул заттан андан көп адам каза табат.
Булак:NazarNews.kg