www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-майда, Кыргызстан элинин ассамблеясынын 25 жылдык юбилейине арналган салтанаттуу аземге катышты.

Мамлекет башчысынын сөзү толугу менен берилет:

«Урматтуу мекендештерим! Баарыбызды теӊ Кыргызстан элинин ассамблеясынын жыйырма беш жылдык юбилейи менен чын дилимден куттуктайм! Быйыл Ассамблеяга туптуура чейрек кылым толду.

Ал эми жалпы тарыхыбыз, чогуу тагдырыбыз кылымдарды карытып келет. Манас атабыз кураг н, ата-бабаларыбыз улаган, урпактарга жеткен, биримдиктүү, бирине-бири тирек болуп келген — бир эл, бир журтпуз.

Кыргызстандын аймагы — байыркы мезгилдерден эле түрдүү этностор, маданияттар, диндер байырлаган жер болгон. Алар тынчтыкта жана ынтымакта жанаша жашап келген.
Биздин жергебиз миӊ жылдар бою — толеранттуу жашоонун, тил табышып бир чечимге келүүнүн, тышкы душмандарга бирге каршы туруунун мекени болуп келген. Биздин чөлкөмдөн соода кербен жолдору өтүп, тилдердин, диндердин, маданияттардын карым-катнаш ы өнүккөн.

Элдин биримдиги, коомдун ынтымагы бекем мезгилдерде дүркүрөп өнүккөн өлкө, күчтүү мамлекет болдук. Элден ынтымак кетсе, коомдон ырыскы качып, адамдар азып–тозуп, мекенибиз алсыраган күндөр да өткөн. Акыл-эстүү муундар мындан сабак алып, кайра биригип, улуу инсандардын кайраты менен кайра жаралган журт болгонбуз. Ынтымагыбыздан, биримдигибизден өткөн байлык, өлкөбүздөн өткөн дөөлөт жок экенин эзелтен бери уланган тарыхыбыз өзү тастыктап турат. Кыргызстан элинин ассамблеясы ушул улуу дөөлөттөрдү аздектеп с ктап, аяр улап, урпактарга жеткирип келет.

Советтик мыйзамдардын күчү кетип, жаӊы коомго жүрүм-турумдун жаӊы нормалары сиӊе электе Ассамблея эл ынтымагы үчүн төө көтөргүс милдетти аркалады. Кудайга шүгүр, улут аралык чөйрөдө кылымдардан келаткан жалпы дөөлөттөрүбүздү, орток руханий байлыгыбызды бөлүп-жарбай сактап калдык, бирге болдук. Ошол үчүн сиздерге чын пейлимден чыккан ыраазылык билдирем.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости