www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы кезде аракечтик бүгүнкү күндүн арылгыс көйгөйү жана айыккыс дарты болду. Аракечтикке каршы күрөшкөн мамлекеттик жана бир канча жеке менчик наркологиялык борборлор бар. Алардын бири - “Шафхазина” наркологиялык борбору. Клиниканын жетекчиси, дарыгер-нарколог Амина Сатыбалдиева менен аракечтик туурасында кеңири маек курдук.

-- Ичкилик бүгүнкү күндө актуалдуу көйгөйгө айланды. Бул дарт - оорулардын ичинен эң татаал жана түйшүктүүсү. Бир үй-бүлөдө бирөө аракечтик менен ооруй турган болсо, калган мүчөлөрүнүн баардыгы кошо ооруйт. Өзгөчө аракечтин балдары, кыздары кемсинип, басынышат. Ал эми ата-энеси: “Мен ушундай бала тарбиялап койдумбу!?” деп элдин, жакындарынын алдында өзүн күнөөкөр сезип басынат. Баласынын ичип алгандан кийинки жоруктарын көтөрө албай санаага, күйүткө, азапка батып, кан басымы көтөрүлүп ар түрдүү ооруларга кабылат.

-- Клиникалык борборуңуз тууралуу айтып өтсөңүз... Силердин борбордун мамлекеттик наркологиялык борбордон айырмасы эмнеде?

-- Мен көп жыл бою мамлекеттик жана жеке менчик наркологиялык борборлордо иштедим. Кийин өз алдынча бөлүнүп чыгып, жеке менчик клиникамды ачтым. Негизинен мамлекеттик наркологияда күчтүү врачтар, наркологдор иштешет. Болгону ал жерде бейтаптардын саны көп болгондуктан, бейтаптарды кийинки көзөмөлдөө мүмкүн болбой калат.

Биздин клиниканын мамлекеттик наркологиялык борбордон айырмасы,биз комплекстүү дарылоону максат кылдык. Комплекстүү болгондо эки маал капельницанын жардамы менен канды тазалап, жабыркаган ички органдарды дарылап, тамактануусун, уйкусун бир калыпка келтиребиз. Экинчи - бейтаптарга жүргүзүлүүчү терапия. Себеби, арак адамдын психикасын, ой-жүгүртүүсүн бузат. Арактын кесипетинен жакшы адамдар бир заматта калпычы, алдамчы болуп чыга келишет. Аны дарылоо максатында бейтаптарга атайын түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, психолог менен иштөөсүнө шарт түзүп беребиз. Үчүнчү-  руханий терапия. Психология илиминде "Эгерде сен адамдын аракка, баңгиге болгон каалоосун өзгөртүүнү кааласаң үч нерсени өзгөрт!" деп жазылган. Биринчиси- дүйнөгө болгон көз караш, экинчи- курчап турган чөйрө, үчүнчүсү- адамдын жүрүш-турушу. Ушулар өзгөргөндө гана адам өзгөрөт. Эң жакшы тажрыйба- бул жан дүйнөнү тазалоо. Дүйнө жүзүндө руханий программаны ойлоп тапкандар, аракты ушул программа аркылуу таштап, башкаларга үйрөтүшкөн. Борборубуздун бир палатасын атайын намазкана кылып койгонбуз. Ислам университетинен билим алган жогорку билимдүү балдар күндө бир маал келип бейтаптарга атайын сабактарды өтүшөт. Анын натыйжасында бизде дарылангандардын кээ бириси намаз окуп, дин жолуна түшүшөт.

-- Силер дарылаган бейтаптардын баардыгы өмүр бою аракты колуна кармабай калышабы же...

-- Баардыгы жүз пайыз ичпей калат дегенден алысмын. Себеби, биз Кудай же сыйкырчы эмеспиз да. Кээ бири: “Биздин таанышыбыз силерден дарыланып ичпей калды. Биздикин дагы ошентип дарылап бериңиз” деп келишет. Мындай учурда биз алдын ала такыр ичпей калат деп айта албайбыз. Мисалы, он кишинин бешөө таптакыр ичпей калса, ошол биз үчүн чоң жетишкендик. Эсимде, бир жолу бир айылдан үч бала келип дарыланып кетишкен. Кийин бирөөсүнүн апасы: “Тиги эки баланы жакшы дарылап, менин баламды чала дарылаптырсыңар,кайра ичип алды” деп чалып жатпайбы. Негизи адамдын эркинен да көп нерсе көз каранды.

-- Мындай учурларга кандай чара көрөсүңөр?

-- Биз бейтапты бир жума дарылайбыз. Дарыланып чыккан бейтаптарды бир жыл ай сайын келип биздин кароодон өтүп кетүүсүн талап кылабыз. Ал эми региондордон келгендерге үч айда бир жолу. Биз бул ыкма менен кайра ичип алуу коркунучун алдын алабыз.

-- Көп эле адамдар спирт ичимдиктерин ичишет. Бирок, алардын кээ бири ичкиликке берилип кетишет эмеспи. Мунун себеби эмнеде?

-- Адамда ичкиликке тиешелүү фермент болот. Мисалы, кант диабети менен ооруган адамда инсулинди уйку без бөлүп чыгара албай калат. Анын сыңарындай эле, аракечтикке чалдыккан адамда аракка туруштук бере турган фермент ацетальдегиддегидрогеназа жетишсиз болот. Айрым адамдардын аракечтикке баш-оту менен берилип кетишинин бирден бир себеби да мына ушунда. Кээде биздин борборго 22-23 жаштагы балдар “Аракечтик менен үч жылдан бери жабыркайт” деген диагноз менен келишет. Алардын организми жаңы машинедей эле да. Мына ошолорду медицинада “Фермент жок төрөлгөнгөндүктөн организми аракечтикке каршы тура албайт” деп айтып келебиз.

-- Бир курс дарылоо канча сом турат?

-- 9500 сом. Анын ичине баардык дары-дармектери, үч маал тамак-ашы кирет. Көзөмөлдөө учурунда ар бир үч айда үч күн жатып дарыланыш керек. Үч күн үчүн 3000 сом төлөшөт. Кээ бир бейтаптар ичпей калгандан кийин,алардын жакындары такыр ичпей калды деп ойлоп кайра алып келбейт. Келбегендин кесепетинен кээ бири кайра ичип алат.

-- Ичкиликке берилген адамды үй шартында дарылоого мүмкүнбү?

-- Баардык эле адамдардын үй-бүлөсүндө врачтар бар. Ошолордун жардамы менен үйдөн капельница коюп, аракечтиктен чыгып кетсе болмок. Бирок, андай болбой жатпайбы. Спирт ичимдигин көп күн ичкен адам жумушуна байланыштуу өзүн кыйнап жатып ал кырдаалдан эптеп чыгып, бир аз убакыттан кийин кайра эле запойго түшүшү мүмкүн. Дарыланбай кечке запойго түшүп ичкен адам ден-соолугун, үй-бүлөсүн биринчи орунга кое албай,аракты гана ойлоп калат. Ошондуктан,биринчи аракечтикке берилгенде эле толук кандуу жакшылап дарыланганга аракет кылыш керек.

-- Бейтаптардын качып кеткен учурлары кездешкенби?

-- Тыным жок ичкен адамдын организми дарылоону баштаган алгачкы күндөрү аракты аябай эле талап кылат. Анын кесепетинен бейтаптар арак ичүүнүн амалын издеп бизди алдап, эптеп качып кетүүгө аракет кылышат. Бирок, бизде качып кетүүгө мүмкүнчүлүк жок. Ал үчүн бардык шарттар каралган.

Биздин борбор он беш кишиден көп бейтап кабыл албайбыз. Ашып кетсе он киши кабыл алып, ар бири менен иштешебиз. Анын үстүнө биздин клиника шаардын чет жакасында жайгашкандыктан, бейтаптын туугандары, достору деле көп келишпейт.

-- Сиз көп жылдар бою наркологиялык клиникаларда иштеп келе жатыптырсыз. Эсиңизде калган ары кызыктуу, ары жан кейиштүү окуялардан эстеп кетсеңиз?

-- Эсте калган окуялар көп эле. Ичкилик жакшы адамды да жаман атка кондуруп, үй-бүлөсүнөн ажыраткан учурлар көп кездешет. Кээ биринин туугандары тажаганынан: “Бир, эки, үч ай деле чыгарбай дарылай бергилечи” деп алып келишет. Бир жолу сексен жаштагы апа отуз беш жаштагы баласын алып келип жаткырды. Акчасын төлөп баарын жайгаштыргандан кийин “Апа бара бериңиз, балаңызды колубуздан келишинче дарылайбыз” десем, “Кызым, сени менен кабинетиңе кирип өзүнчө сүйлөшөт элем” деп, эч эле айланчыктап кетпейт. Карыган адамдын көңүлүн оорутуп албайын деп иш бөлмөмө келип: “Апа, сизди угуп жатам... Дагы кандай көйгөйүңүз бар?” десем, “Балам, сен мени угуп тур... Мен сага кошумча акча ала келдим. Сен менин баламды ошол бойдон ары уктатып кой. Менин эч кандай доом жок” десе болобу. Мындайды күтпөгөн жаным:“Апа, эмне деп жатасыз? Сиз мени эмнеге түртүп жатасыз!? Андай эч качан болушу мүмкүн эмес!” десем, курган апа: “Балам, мен баардыгын ойлоп чыктым. Бул менин кенже уулум. Арак деген балекеттин түбүнө түшө ичип, мага азапты берди. Балдарын мен багам, аялы эбак эле кетип калган. Мындай баланын барынан жогу артык. Эгерде балам бейтапканадан көз жумса, доктурлар туура эмес укол сайып каза болду деп айтат да, ошондо калган балдарымды, неберелеримди жаман сөз ээрчибейт эле да” десе болобу. Мен таң калып: “Апа, бул эмне дегениңиз...” деп,алдап-соолап жолго салгам. Кийин баласы бир жакшына болуп дарыланып чыкты. Үч айлык көзөмөлдөн өткөндөн кийин, Россияга кетип дайынын билбей калдык.

-- Келечекке кандай пландарыңыз бар?

-- Кээде бейтаптардын жакындары тажагандан: “Эки-үч ай же жарым жылга убактылуу жаткыра турган жай болсо,жаткырып коет элек. Ушунчалык тажатты! Өзүбүз дагы эс алат элек. Ансыз деле аракка акча кетирет” дешет. Келечекте бейтаптар убактылуу мөөнөткө дарыланып,эс ала турган санаторий сыяктуу жай болсо жакшы болот эле дейм.

Айбийке Кийизбаева

Булак: “Параграфф” 

Последние новости