www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайрылуунун толук тексти:

"Бир жуманын арасында ар кандай саясий эмес, коомдук уюмдар, биздин жаштар, ар кандай бирикмелер Кыргыз Республикасынын аймагына Кытайдан келген жана башка мамлекеттерден келген чет элдик саны кескин түрдө көбөюп кеткендигине абдан чоң кооптонуу менен нааразычылык айтып, ушул маселени биринчи күн тартибине коюп келишет.

Мен 100 пайыз аларды колдойм. Бул кооптонууну биздин "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы "Мен макул эмесмин" бүткүл элдик кыймылы ар дайым биринчилерден болуп көтөрүп келген. Сырттан келгендердин саны кескин түрдө көбөйүшү, айрыкча, Кытай мамлекетинен биздин мамлекетти басып кетиши бул, дагы бир жолу баса белгилеп айтайын, мамлекет менен өкмөттүн да, Жогорку Кеңештин да биринчи күн тартибинде турган маселеге айлануусу керек.

Анын үстүнө кечээги биздин Терек-Сайдагы болгон окуя ага кошумча болду. Бул окуя бүгүнкү кыргыз бийлигинин нукура жүзүн көрсөтүп койду. Бул элдик бийликпи же баякы келген бийликтин уландысыбы? Ошол көчтүн уландысы экендигин даана көрдүңүздөр. Таптакыр сабак албай койду. Кыргыз элине каршы күч колдонуучу органдарды, менин угуштарыма караганда, 400гө жакын атайын даярдыкты көргөн аскерлер Терек-Сай айылына барып, эл менен каршы күч менен элди көндүрүү аракет кылып жаткандыгы - бул аябагандай жапайчылык көрүнүш.

Мен Кыргыз Республикасынын президентине, Жогорку Кеңешке, өкмөткө расмий түрдө кайрылам. Мындай башаламандыкты, мындай жапайчылыкты өз элиңе күч колдонууну токтот деп чечкиндүү түрдө кайрылам. Эл деген сел. Эл бир көтөрүлсө, 400 аскериң эмес, 4 миң аскериңдин күчү жетпей калганын биздин соңку тарыхтар бир нече жолу тастыктады да, көрсөтүп да койду. Эгер сабак албасаңар, "көсөөнүн акылы түштөн кийин кирет" дегендей, бул процессти токтотпосоңуздар анда сиздерге да кеч болуп калышы мүмкүн.

Урматтуу кыргыз эли, бул маселе бир гана Терек-Сайдын маселеси эмес. Бул маселе Кадамжайда да көтөрүлгөн. Бул маселе Тогуз-Тородо да көтөрүлгөн. Бул маселе Кыргыз өлкөсүнүн кайсы жеринде тоо таштарды жарып жаткан болсо, касиеттүү кыргыз жерине зыян келтирип жаткан болсо, жерибизди булгап, суубузду булгап, ата-бабаларыбызды сөөгү жаткан жерди тебелеп баштаган болсо, бардык жерде көтөрүлөт. Бул мыйзамдуу ар бир элдин, ар бир улуттун, ар бир "Мен кыргызмын" деген жарандын сөзсүз түрдө ата-бабаларынын рухунун алдындагы милдеттери.

Баса белгилеп айтам. Ушул күч колдонууну, коркутууну, милицияны жиберүүнү токтотуңуздар. Кармалган жигиттерди, аялдарды токтоосуз түрдө кармаган жеринен бошотууңарды талап кылам. Эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Конституциясына ылайык, Кыргыз жарандары өз эркин айтууга, топтолууга, жыйын өткөрүүгө укуктарын, мүмкүнчүлүктөрүн чектей турган болсоңуздар, мен жарыялашка мажбур болом. Биз элбиз, биз селбиз, биз бирбиз, биз чоң күчпүз. Бизди ар кандай бийлик чөгөлөтө албайт. Касиеттүү жерибизди тебелеткенге эч кимге мүмкүнчүлүк бербейбиз. Бүгүнкү бийлик, айрыкча жел тамандай болуп чуркап жүргөндөр, кытайдын болобу, башканын болобу, тамагын ичип алып, куурсагыңарды томпойтуп жүргөнүңөр - силердин айбандык кебетеңер. Дагы бир жолу айтам, элге каршы чыкканды токтоткула.

Эгер Терек-Сайда ушундай башаламандык токтобой турган болсо, "Мен макул эмесмин" деген элдик кыймыл өзүнүн чечкиндүү жарыялоосун же чакырыгын жасоого мажбур болот. Биз бүгүн конституциялык мыйзамдын чегинен чыкпай, биздин мыйзамдарды бузбай аракеттенүүгө үндөп келе жатабыз. Эгерде биздин үнүбүз угулбай турган болсо, анда биз дагы бийлик кандай аракет жасаган болсо, биз дагы ошондой аракеттерди каршы көрүүгө даярбыз. Себеп: биздин жоготор эч нерсебиз жок. Биздин жоготорубуз - биздин ыйык жерибиз, ыйык мекенибиз. Андан башка жоготор эч нерсебиз калбады. Калганын баарын жоготуп бүттүңөр, сатып да бүттүңөр, башка кылып да бүттүңөр.

Мен катуураак сүйлөп койгон болсом, урматтуу мекендештер, бир аз түшүнүү менен кабыл алыңыздар. Себеби Терек-Сайдагы болуп жаткан окуя жапайчылык окуяны көргөндөн кийин көкүрөгүндөгү жүрөгүндө "Мен Кыргыз жаранымын" деген азаматтар аны кайдыгер карап тура албайт. Кеч боло электе эл менен тирешүүнү токтотуу керек.

Сырттагы мигранттардын келгендиги. Соңку 1,5 жылдын ичинде 1 миллионго жакын киши Кыргыз өлкөсүнө кирди деп жатышат. Биз кайда батырабыз аларды? Эмне жумуш кылып жүрүшөт? Ким текшерет аларды? Терек-Сайдагы чыккан эл менен күрөшкөн азаматтарыбыз ошолор менен күрөшсө, жеген наныңарды актаган болот элеңер. Францияда дагы бир аз элдин толкуну болуп, өкмөттү жана бийликти сүйлөшүүгө чакырып келди. Өтө текеберчилик менен көңүл бурбай койгондон кийин кечээ эмне деген элдик көтөрүлүшкө айланып кетти. Кыргыз өлкөсү ошондой жолду кайталабасын. Бул эскертүү гана болсун.

"Эсиң барда этегиңди жап" деген сөз бар кыргыздарда. Ошону менен сиздерди эскертип гана коём. Биз Конституциянын чегинен чыкпай талап коюп жатканда, сиздер да элге адамча мамиле кылыңыздар. Эгер элдин башына түшкөн апаат болсоңуздар, анда эл да өз сөзүн айтат".

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости