www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 4-декабрда Жогорку Кеңеште “Манас” эпосунун күнүнө, манасчылар Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгына, Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына жана Шаабай Азизовдун 90 жылдыгына арналган “Манас – кыргыз рухунун туу чокусу” аттуу илимий-практикалык конференция өтүп жатат. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Конференциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Баатыры, жазуучу жана драматург Бексултан Жакиев 2003-жылы ЮНЕСКО тарабынан кыргыз элинин манасчылык, дастанчылык жана төкмөлүк өнөрү адамзаттын оозеки мурасынын шедеври деп жарыялангандыгын эске салып, анын негизинде ЮНЕСКО тарабынан кыргыз элинин мындай улуу өнөрүн өркүндөтүүгө чоң каражат бөлүнүп, өлкө аймагына баардык жабдуулары менен өнөрканаларачылгандыгын эске салды. “Дөөлөт, Самат, Улан сыяктуу манасчылар ошол каражатка курулган өнөрканалардан тарбияланып чыккан”-, дейт ал.
Өз сөзүндө Б.Жакиев “Манас” эпосунун бүгүнкү күндө айтуусучу бар жападан жалгыз тирүү эпос экендигин баса белгилеп, Жогорку Кеңеште илимий конференция өтүп, “Манас” эпосу баркталып жаткандыгын жакшы жөрөлгө катары баасын берди. Ошону менен катар “Манасты” изилдеген окумуштуулардын эмгеги бааланышы керектигин айтып: “Элибизди атуулдук духка, кең пейилдиккетарбиялайлы десек “Манасты” билишибиз керек. Биз – “Манас” менен элбиз. “Манасты” билбеген кыргыз деле болуп жарытпайт”,- дейт КР Баатыры Б.Жакиев.
Ал эми КР Улуттук илимдер академиясынын академиги Абдылдажан Акматалиев бүгүнкү күндө Кыргызстанга эң зарыл болгон туруктуулук, ынтымак, биримдик “Манас” эпосунун тулку боюнда сиңирилип, камтылгандыгына токтолду. Ошондой эле Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “Манас” эпосу жөнүндө мыйзамда эпостун классикалык варианттарынан четтеп, бурмалоого, Манасты тарыхый контекстен алып салуу аракеттери боло калып жаткандыгын билдирип, мыйзам талаптары сакталбай жаткандыгын баса белгиледи. “Эпостон бир сапты жулуп алып, аны ар кандай чечмелөөлөр көп болуп жатат. Андай жеке кызыкчылык үчүн өзгөртө берип, ошентип, эпосту майдалоого жол берип отуруп “Манастын” тамырын үзүп албайлык”,- деген кооптонуусун айтты. Окумуштуу А.Акматалиев Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаев, Мамбет Чокморов, Тоголок Молдо сыяктуу улуу манасчылардын варианттары боюнча манас айттырып, манасчылар арасында сынак уюштуруу сунушун ортого салды.
Булак: NazarNews.kg