www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Мичиган штатынын жашоочусу Ван-Сейла Морк Appleдан акча өндүрүүнүн көз боёмочулук схемасын ойлоп тапкан. Ал компанияга чыныгы кардардын атынан байланышып, буйрутма берилген товарлардын ордуна бош кутулар келгенин айткандыгын AppleInsider порталы кабарлады.
Сатып алуучунун атынан Ван-Сейла Морк Apple дын колдоо кызматына телефон чалып, акчасы төлөнгөн товардын ордуна ага бош кутучалар келгенин айткан. Компания сатылып алынган товарды компенсациялаган. Алдамчы Ван-Сейла алган акчаларын ар кайсы банкка ар кандай эсеп менен катып, из жашырган.
АКШнын иликтөө Федералдык бюросу Ван-Сейла Морктун иши менен алектенген. Ага алдамчылык жол менен акча өндүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Америкалык 40 жылга түрмөгө кесилди.
АКШ үчүн бош куту фантастика эмес, ал жакта жөнөтүлгөн товардын ордуна бош куту кетип калган убактар болот.
Булак:NazarNews.kg