www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупция менен күрөш токтобойт — уланат. Бул күрөштө бир гана Президенттин алы жетпейт. Менде эрк бар — Президент катары бул күрөштүн башында мен туруп берем. Бирок муну каалабагандар дагы бар», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 16-майда Ысык-Көл областынын Түп районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

"Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы" дегендей, чоң акырдан жем жеп калгандар мындан айрылгысы келбейт. Жалпы эл, баарыбыз ЖАПЫРТ көтөрүлүп, каршы тура баштаганда гана коррупция токтойт. Коррупцияга аралашкан кандай чиновник болбосун, кайсы бийлик бутагы болбосун — жоопко тартылат. Жергиликтүү бийлик органдары, укук коргоо органдары — силерге айтаар сөзүм. «Мен сага тийбейм — сен мага тийбе» деген мамиле менен жүрүп жатасыңар. Коркпой, мындай көрүнүштөр менен ачык күрөшкүлө. Андай кылбасак, мамлекетибизге, элибизге келечекте кыйын болот», — деп белгиледи Мамлекет башчы.

Ал мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө муктаж болгон адам менен мамлекеттик чиновник беттеше баштаганда коррупцияга жол берилип жатканын жана экөөнүн ортосунда контакт болбой турган система ишке кирээрин айтты. 

"Ошондо, биринчиден, бюрократия жок болот, экинчиден, коррупция жоюлат", — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости