www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы жакшы саамалыкты баштап, 15-май кунү өлкөдө «Сабаттуу бол» акциясын жүргүздү. Акцияга мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер, окуу жайларынын, мектептердин, бала бакчалардын мугалимдери, журналисттер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, студенттер жана бардык каалоочулар катышты. Тил комиссиясынын төрагасы Н.Ишекеев агай: «Быйыл 23-сентябрда мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгына туура 30 жыл болот. Мындан улам биз быйылкы жылы мамлекеттик тилдин мааракесине арнап бир катар иш-чараны пландаштырганбыз.
Бул аракеттердин катарында республикалык «Сабаттуу бол»аталышындагы жат жазуу сынагы да бар. Аталган өнөктүккө бардык каалоочулар катышып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктап алса болот. Мындай иш-чаралар алдыда дагы байма-бай өткөрүлүп турмакчы» деди. Эске салсак, жат жазуу конвертке салынган бир нече тексттин ичинен тандап алынып, белгилүү инсандар окуп берди. Бишкектеги акция Хусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде өткөрүлдү.
Булак: "De-facto"