www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2010-жылдагы апрель окуяларынын катышуучусу Болсун Рысбеков өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жаңы пост жазып, Курманбек Бакиевден кечирим сурады. 

“Курманбек Салиевич, мени кечириңиз, Таластык иниңизди. Канча жыл өтсө дагы азыр эч өзгөрү жок. Убагында, жаман ой же жек көрүү эле, сизге. Канкор Бакиев эмес, канкор ошол убактагы бийлике умутулган элдин ырыскысын жеп жутарлар канкор экен. "Убакыт дарылайт" деген чын экен. Бара - бара ак - караны айырмалап, оркойто билинип калат экен. Азыркы жашообуз элдин ырыскысын жеген "крысалар" көп. 2010-жылдан кийин кошомат кылып, бийлике келген адамдардын баары байыды. Карапайым эл өз арабасын түртүп келе жатат. Балким, 7-апрель болбогондо өлкөбүз өнүгүп кетет беле? Бирок, 70% оңолмок экен. "Ким же кайсы Ажоо мыкты?", - десе, сизди айтат элем "Бакиев мыкты болгон экен" эх...

Ким кандай ойлосо ойлосун, ар адамдын жеке тандоосу. Убагында 7-апрельде Аянтка чыгып, өз салымымды кошсом, а азыр бекер ошондо чыгыпмын деп өкүнүп калдым. Жаман жазмай жок! Бул менин жеке оюум туугандар!", - деп жазып чыкты.

Апрель баатырынын билдирүүсү жарыялангандан кийин ошол замат катуу талкууга түшүп, аны колдогондор да, сындагандар да болду. 

Анда Болсун Рысбеков: “Өзүмдүн акылым жетип, көөдөнүм көрүп турган чындыгымды жаздым. Кимге жакпаса айланып өтүп, достуктан өчүп кете бергиле! "Таластыкмын" деп чындыкты айтпай койгудай, мен трайбалист эмесмин! Кошоматчы, к** жаламай дагы мен эмес. Чындык ушундай - ачуу!”, - деп аны сындагандарга жооп жазды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости