www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин (МГУ) филиалынын пайдубалын түптөө үчүн капсула салынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Иш чарага Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков, Орусия Федерациясынын Оштогу генералдык консулу Роман Свистин жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышкан.

Маалыматка ылайык, окуу жайда колдонмо математика жана информатика, геология, орус тили жана адабияты адистиктери боюнча окутуу жүргүзүлөт.

Кыргызстанда Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу жазында Бишкекте өткөн Россиянын жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форумунда макулдашылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости