www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сыртта ит өлүп жаткан эртең мененки саат сегиз. Маршруткада үшүгөн элдин кейпи көрүнөт. Баары эле этек-жеңин кымтыланып жаткандай абалда. Бир гана түнү менен арак ичкен кишинин үнү угулат. Жанындагы жигиттен Ош базарга келдикпи деп улам сурап коет. Аңгыча кепти капталдагы киши баштады. —“Э-ээ жигит таң азандан кайда баратасың, ишиң жок болсо жылуу үйдө отурсаң болмок. Карачы акыбалың оор экен. —“Мен пахмелге баратам Ош базарга, алдагы сумкеңде бирдемкең болсо бербейсиңби-дейт үмүт этип. Мен араң качып чыктым, болбосо үйдөгүлөр Донецкидеги псих болницага тапшырып салмак деген кебин айрымдар түшүнгөн жок. Жөн отурбай кээде сөгүнүп калат, элди көзүнө илбей. Ошентип тигил ачкыл жандуу адам акыры түшүп кетти.

Аттиң, канча деген үй-бүлө ушул арактын азабынан бузулуп кетип жатат дейсиң? Не деген пенделер ушул нерсенин артынан түшүп тагдырына балта чапты. Ушул тапта да үймөлөктөшүп арак уулап жүргөн ичкичтерди жолуктурууга болот. Мурдагыдай булардын эсебин алып, иштөөгө мажбурлаган уюм жок. Керек болсо он эки мүчөсү соолор деле сороктоп жумушсуз жүрүшөт. Бирок, нанын ак эмгеги менен таап жегиси келгендер кырдаалдан чыгууга жөндөмдүү. Ал эми аракка биротоло берилгендердин бир гана тилеги бар каерден жүз грамм табылар экен деген. Булар өмүрүнүн акырына чейин ушул илдет менен алпурушат. Оңой олжого ээ болуу максатында уурулукка да баруудан кайра тартышпайт. Өзү жашап жаткан үйүнөн деле үтүктү, картөшкөнү, салатты жарым бөтөлкө аракка ооштуруп жиберген учурлар көп. Андай безерилерден туугандары да, бала-чакасы да качып калышарын байкап эле жүргөндөйбүз. Негизи булар ашка жүк, башка жүк болгону анык.

Тилекке каршы, жаштардын ичинен да ачкылга жакын болгондор жок эмес. Энелердин көз жашынан жыйынтык чыгаралбай, жек көрүндү болгондор арабызда эле жашап келишет. Кээде алардын арасында жүргөн аялзатын да көрүүгө болот. Жылуулук берчү трубалардын алдында, жер түлөлөрдө, бузулган үйлөрдө ондогон араккечтер байырлаганы калп эмес. Айрымдарын милисалар атайын ачылган кайрымдуулук жайларына күргүштөтүп айдап келишет тоңуп калбасын деп. Кайра эле алар таң азандан туруп алып арак издеп кетишет чунактар. Анткени алардын организми ошого көнүп калган.

Арийне, мындай коомго жат көрүнүштөн кутулуу мүмкүнчүлүгү жок. Аларды эмес соолорду жайгаштыра албай жаткан кезибиз. Негизи аракечтик айыкпас дарт. Көз жашка, үгүткө, ур-токмокко көнбөгөн жат нерсе. Ошондуктан алар келтек жеп көгала болсо да уялбай этпей көчөдө жүрө беришет. Кайран өмүр ошолорго кор болгон. Бирөө жашоого умтулуп, майыптыгына карабай аракетин жасап жүрсө, дагы бири ушинтип көзүн канталатып, суук тумшук аталып арактын артынан калбай келет. Көрсө жашоо дегендин ар түркүн “каармандары” болот экен.

Ж. Түзайтар

Булак: "Ачык сөз"

 

 

Последние новости