www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сауд Аравия 27-сентябрдан тартып, 49 өлкөнүн жарандары үчүн биринчи жолу туристтик виза киргизди. Ошол эле учурда, туристер үчүн буга чейин киргизилген катуу көзөмөлдөгү дресс-кодду алып салды. Эми жалгыз бой аялдар эркектердин коштоосу жок эле ал өлкөгө кире алышат.

Буга дүйнөлүк, айрыкча Орусиялык басылмалар кызыга башташты. Ал маалыматтарга ылайык, аталган өлкөнүн туризм министри Ахмад аль-Хатиб мындай чечим “тарыхий бурулуш” – деп белгилеген.

Айтымында эми аял-туристтер араб улуттук “хиджап” көйнөгүн, коомдук жайларда кийбей койсо деле болот. Болгону алар, “өтө ачык эмес” кийиниши шарт. Айрыкча деңиз жээктеринде. Анткен менен мурдакыдай эле алкоголдук ичимдиктерге катуу тыю салынары жана мусулман эместерге ыйык шаар болгон Меке менен Мединага барганга уруксат берилбей турганы айтылууда.

Белгилей кетүүчү жагдай буга чейин визалар зыяратчыларга жана ишкер адамдарга гана берилип келген. Эми каролдук визаны интернет аркылуу буйуртма берип алса болору белгилүү болду. Бирок азырынча кайсы өлкөнүн жарандарын турис катары кабыл алышаарын ачык айтыша элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости