www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиялык теле алып баруучу Андрей Малахов чуу жараткан теле берүү боюнча кыргызстандыктарга кайрылды. Анын билдирүүсү өзү башкы редактор болгон Starhit порталына таянып "Спутник" агенттиги жазып чыкты.
Малахов анын жеке пикири демократиялуу Кыргызстанда өтө көп нааразычылыктарды жаратарын ойлобогонун айткан. Бир суткада эле эфирге чыккан программа боюнча 20 миңден ашык пикир алганын билдирген.
"Бул чыгарылышта менин журналист катары милдетим баласын жоготуп боздоп жаткан эненин абалын жана ал эмнеге каза болгонун түшүнүү болчу. Укук бузгандардын, кылмышкерлердин улуту жана жарандыгы болбойт, мыйзам алдында баары бирдей. Мен кыргыздарды сүйүктүү Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан гана эмес, Семен Чуйковдун эмгектери аркылуу билем. Андан сырткары, жеке жолугууларым да болгон. Мен журналисттик ишимдин бир бөлүгүн аткардым деп ойлойм. Татьяна Маругова күнөөлүүнүн өзүнөн болбосо да анын өкүлдөрүнөн биринчи жолу кечирим сураганын укту. Анан калса менин айткандарымды кээ бир кыргыздар туура эмес түшүнүп калганына өкүнүп турам. Мен тынчтыкты жана ынтымактуу коңшулук мамилелерди каалайм. А баса, акыйкаттык жана сөз эркиндигин жактайм", — деген ал.
Ал ошондой эле программаны даярдап чыгууда ондон ашык улуттун өкүлдөрү иштей турганын кошумчалаган. Тилекке каршы кечирим сурабаган.