www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
СССРдин эл артисти Армен Жигарханяндын ахвалы дагы деле оор экени айтылууда. Аны учурда медициналык кызматкерлер өзгөчө көзөмөлгө алышкан.
Белгилей кетсек, кечээ, 18-октябрда, советтик, оруссиялык жана армияндык белгилүү театр жана кино актеру Армен Жигарханаян өтө оор авалда Москва шаарындагы клиникалардын бирине түшүп, реанимацияга жаткырылганы тууралуу маалыматтар тараган. Анда белгилүү болгондой, актердун өнөкөткө айланган өпкө оорусу күчөп кеткен. Дарыгерлер анын ахвалын “өтө оор” деп баалашкан.
Ал эми башка дагы бир маалыматтарда, 84-жаштагы актердун авалы турукташып калганы айтылат. Ага таянсак, учурда актердун дем алуусу жакшырып, өзүн жакшы сезип калган.
Эске сала кетсек, “Ленкомдун” көркөм жетекчиси Марк Захаровду акыркы сапарга узатуу зыйнатында Армен Жигарханяндын араң кыймылдап жүргөнү байкалган. Андагы күбөлөрдүн айткандарына караганда, өз алдынча басууга шайы калбай калган актерду табыттын жанына чейин көтөрүп келишкен.
Булак: NazarNews.kg