www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Турцияда эс алуудан кийин инсульт алып комага түшүп калган Санк-Петербург шаарынын тургуну 31 жаштагы Кира Шиловская тиги дүйнөдө эмне болгонун айтып берди. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Кира Шиловская Түрциянын Анталия шаарында эс алып жүргөн кезде инсульт алган. Ал комада 3 жумага жакын жатты. Учурда абалы жакшы болуп келе жатат. Дарыгерлер Кира 2 жуманын ичинде үйүндө болорун билдиришти.

“Өлгөндө жүрөгүң муздап калары эсимде. Кийин укол, анан ысык болуп баштайт. Тунельдин аягында жарык жок”,-дейт Кира.

Дарыгерлер Кира менен болгон окуяны кокусунан болгон деп эсептешет. Алар мындай нерсе кайталанбаш үчүн Шиловскаяны 2 жылга чейин кофеден, учактан баш тартууну сунуш кылышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости