www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эр жигит эле четинде, жоо бетинде…

Тажиктер менен болгон жаңжалдан соң, тынч, бакубат жашоо кечирүү үчүн коопсуздук баарынан маанилүү экенине көзүбүз жетти окшойт. Мындай каргашанын оош-кыйышы, күңгөй-тескейи, калың эл билбеген жактарын билүү максатында, өмүр бою коопсуздук тармагында эмгектенген, тунук акылы, аналитикалык ой-жүгүртүүсү менен айрымаланган «боевой» генерал Артур Медетбековду кепке тарттык.

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын 27-октябрында Улуттук коопсуздук кызматынын татаал операцияларды ишке ашырууда тартыла турган «Альфа» тобунун түзүлгөнүнө 30 жыл толуп олтурат. Элиталык «спецназдын» түзүлүшүнө каарманыбыз да опол-тоодой салым кошуп, анын аткарган иштерин ортого салдык.

«Кыйын түн түшкөндө, элибиз ынтымагы менен башкаларга үлгү болду!»

- «Эл четине жоо келсе, жан аяган жигитпи?» - деген намыска тийчү сөздөрдү ата-бабабыз ортого салган. Бүгүнкү күнү үйдо баатыр, жоодо жок болгон көптөгөн генерал наамын алган замандаштарыбызга бул айтылгандар таасир этпегендей туюм калтырат. Балким, коңулда тынч жана жылуу жашоо кечирген согуш талаасында кан кечкенге караганда алда канча жакшы болоорун жон териси менен сезишкендир. Бактыга жараша, сиз алардын катарын толуктабаарыңызды Оштогу кыргыз-өзбек жаңжалында көрсөттүнүз эле, бул ирет кайда болдунуз?

- Мен өзүм кол алдымдагы канча деген офицерлерди тарбиялап, акыл-кеңешимди айтып, билген тажрыйбам менен бөлүшүп жүрөм. Бирок, кээ бир учурларда сөз менен эмес, иш менен көрсөтүүгө туура келет. Жаш жигиттерибиз мекен чегинде согушуп жатса, биз үйдө кантип тынч жатабыз? Согуш башталганда эле биз «спецназдын» «Альфа», «Бөрү», «СОБРдын» ардагерлери «Баткенге биз да барып, мекенди коргойлу!» - деп бийликке кайрылганбыз, анан бийликтин уруксаты менен 17-сентябрда учуп барып, Генералдык штабдын буйругу менен чек арачыларга кошулуп, резервдик атайын топту түздүк. Абал турукташып, тынчтык келишимдерине кол коюлганда гана Генералдык штабдын уруксаты менен Бишкеке кайтып келдик. Айтмакчы, согуш талаасында аскердик эрежелерди жана буйруктарды темирдей тартипте так аткарган тарап дайым жеңиште болорун эске түйүп алганыбыз оң.

- Эмне үчүн Баткен жерине кол салган тажиктерди чек арадан өтөөрү менен айыл аралатпай, желегин мектепке илдиртпей жер менен жексен кыла алган жокпуз?

- Тажик тараптын тынч жаткан элибизге болгон кол салуусу алардын арам оюн, чыныгы жүзүн көрсөттү. Булар алдын ала даярданышып, бир эле учурда Лейлек, Максат, Кулунду, Интернационал жана Самаркандек, Достук, Аксай деген жерлерден кол салып киришпедиби. Алгач оор техникалар «Ураган», «Град», ракеталык системалар менен аткылашып, андан соң Танк, Бтр, Бмп, миномет, гранатаметтерду, пулеметторду колдонушту. Кыргызстандын кээ бир чек ара постторунда 5-6дан эле жоокер турушса, чек ара заставаларында ашып кетсе, 30дай эле жигит, колдорунда автомат, пулеметтон башка куралдары болгон эмес. Ошондой оор техникалар менен аткылап жатышса дагы 19-20 жаштагы жүрөгүндө оту бар кырчындай балдарыбыз ок-дарылары түгөнгөнүнө карабай, качып кетпестен, өмүрлөрүнүн аягына чейин согушушкан. Мына - намыс, мына – баатырдык, мына мекенге болгон сүйүү. Тилекке каршы, 63 мекендешибизден айрылып, бир капталыбыз эңшерилип, боорубуз бөксөрүп калды.

- Согуш өнөрүн мыкты өздөштүргөн аскер адамы катары айтсаныз, ушул кырсыкты азайтып, алдын алып калсак болот беле?

- Тажиктер бир жыл мурда да бастырып киришип, 36 жараныбыздын өмүрүн алып, көптөгөн үйлөрдү өрттөп, талап-тоноп, минден ашык мал-жандыкты, канча деген унааларды өздөрүнүн аймагына олжолоп кеткен болчу. Ошондон кийин бийлик туура жыйынтык чыгарып, чек арачылардын санын көбөйтүп, куралдарын күчтөндүрөт деп ойлодук эле, тилекке каршы, андай болбогонун быйылкы тажиктердин кайрадан кол салуусунан улам белгилүү болуп олтурат. Тажиктер менен болгон согушта 63төн ашык жараныбыз каза болсо, аны 50дөн ашыгы чек арачылар экен. Бул ирет бир танкыбыз талкаланып, «Тигр» атуу унаабыз күйүп, 100дон ашык турак-жайлар өрттөнүп кетти. «Кокусунан кирип калды, билбей калдык» деген шылтоону айтып, актанышууда. Мындай жагдайда тактикалык жана ыкчам иш-аракеттерди колдонуп, чекарачылардын санын көбөйтүп, куралын күчтөндүрүү керек болчу да. Чек арадагы мындай кемчилик көптөгөн мекендештерибизге зыян алып келгени үчүн, сөзсүз жоопкерчиликтүү адамдар жазага тартылып, кадрдык маселеде тыянак чыгаруу зарыл. Бир канча убакыт өткөн сон, тажик тарап келишимдерди бузуп, кайра капысынан кол салса, жогорудагыдай окуя кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Себеби жоопкерчилик жок жерде, дайым башаламандык өкүм сүрөрүн унутпасак. Чек арага жакын жайгашкан элибиз канча кордук көрдү, запкы жеди, эми ушундай терс көрүнүштөрдөн сабак алышыбыз кажет.

- Бийлик өкүлдөрү көп учурда «бюджет тартыш, каражат жок» - деген шылтоону айтып кутулуп кетишет го. Чын эле баары каражатка барып такалабы?

- Кара курсактан мурда жеке коопсуздуктун камы алда канча маанилүү экенин элибиз эми аңдап билди окшойт. Ушундан улам, өз аскерин бага албаган башканын аскерин багат деген сөз жок жерден чыкпаса керек. Келечекте бизге сокку ургандарга заматта татыктуу жооп кайтарууга даяр болушубуз керек.

Мыкты коргонуу үчүн куралдуу күчтөрүбүздү күчтөндүрүү керек, албетте ага каражат керек. Бирок, каражатсыз да кыла турган иштер көп. Алгач, аскердеги коррупциялык көрүнүштөрдү жоготуп, аскерге барууну барктуу, сыймыктуу деңгээлге чыгаруу керек. Деги эле аскерге чакыруудагы, аскерде кызмат өтөөдөгү бардык коррупциялык көрүнүштөрдүн тамырына балта чабуу - учурдун талабы.

Чек арага жакын жашаган жигиттерди контрактык негизде ишке алып, аскерлер менен кошо ок атууну, жарылгыч заттарды колдонууну, зыянсыздандырууну автомат, снайпердик курстардан өткөрүп туруу. Аскер кызматкерлеринин айлыктарын көтөрүү, машыгууларды өткөрүү, куралдуу күчтөрдү башкара турган оперативдүү борбор түзүү менен бирге аларга болгон көзөмөлдү да күчөтүп, патриоттуулук сезимди идеология катары жогорку денгээлге чыгаруу максаттардын бири болушу шарт.

Ошондой эле, заманбап абадан коргонуучу аскер техникаларын, учактарды алыш зарыл. Кыргызстан тоолуу өлкө болгон соң, тоонун аймагында, тоонун шартында согуша турган топту даярдоо керек. Кырдаал күчөгөндө, чек араны кайтаруу жана коргонуу чараларын көрүүдө бардык ИИМ, УКМК, Чек арачылар милдетүү түрдө Генералдык штаб менен түздөн-түз байланышта болуп, ошолордун башкаруусунда гана ишти аткарышы абзел. Коргоо министрлиги мобилизациялык иштерди жаңыдан заман талабына ылайык, ыкчам уюштуруп, башкарып, иш жүзүндө өткөрүп турушу керек. Жаңжал орун алган учурларда, бардык аскердик буйруктар, рация менен сүйлөшүүлөр эне тилибизде жана кыйыр мааниде айтылган сөздөр болуусу шарт. Ыкчамдык кыймыл-аракетке жана душмандардын чалгынчыларына өз-ара сүйлөшүүбүздү түшүнүүсүнө кыйынчылык жаратат.

- Согуш маалында элибиздин аракетине кандай баа берет элеңиз?

- Башыбызга ушундай кыйын түн түшкөндө, элибиздин ынтымагынан, биримдигинен айланса болот, башка улуттарга ушул жагынан жакшы үлгү болдук. Биз душманга жем, доско күлкү болбос үчүн ынтымагыбыздан жазбай, мамлекеттин бүтүндүгүн, тынчтыгын баалай билели.

«Президенттер «Альфаны» үй-бүлөлүк бийлигин сактоого колдонгону өкүндүрөт»

- Артур ага, сөз төркүнүн Баткен согушунан 30 жылдык мааракени белгилөө алдында турган «Альфага» бурсак. Отуз жылдык мөөнөт айтканга оңой болгону менен жашаганга келгенде көптөгөн кыйынчылыктарды жаратса керек. Убагында сиз жетектеген топтун таржымалына бир көз чаптырсак.

- Советтер Союзунун тушунда терроризм, экстремизм жана мамлекеттин түзүлүшүнө коркунуч жараткан уюшкан кылмыштуу топторго каршы түзүлгөн мындай башкармалык КГБда гана бар болчу. Өлкөбүз эгемендүүлүк алган соң, аскердик кызматын мыкты өтөгөн, Афган согушу сыяктуу «горячий точкаларга» катышкан офицерлерди жана спортто ар кандай даражага жетишкен жигиттерди чогултуп, 1992-жылы 27-октябрда ыкчам оперативдик терроризмге каршы «Альфа» тобун түзгөнбүз.

- «Альфанын» жүргүзө турган операциялары такыр бөлөк болсо да, акыркы мезгилде эмнегедир ар кандай саясий операцияларга катышып, беделин түшүрүп жатышкандай элес калтырат.

- «Альфанын» жоокерлери ант берген соң, устав жана жетекчиликтин буйругун аткарарын эстен чыгарбасак. Тилекке каршы, айрым президенттер үй-бүлөлүк, кландык бийлигин сактап калуу максатында «Альфаны» колдонгон терс көрүнүштөр да жок эмес. Алсак, 2019-жылы А.Атамбаевди тергөөгө келүүдөн баш тартып, керек болсо курал колдоном деп тарапташтарын короосуна жыйып алганда, аны кармоого да С.Жээнбеков башында турган бийлик ИИМди колдонуунун ордуна, «Альфанын» жигиттерин «спецоперация» деп алдап барып, карапайым элге каршы коюууга аракет кылышкан.

Бирок, жоокерлер аскердик тартипти сакташып, жөнөкөй элге курал колдонушкан эмес. Өз эрки менен колго түшкөн 10 чакты офицерди бийлик ошол түнү алып кете албай калышкан. Бактыга жараша, аскер ардагери, полковник Мирлан Желденбаев сүйлөшүү жолу менене аларды аман-эсен чыгарган. Ал эми 2010-жылы К.Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлигине каршы эл митингке чыгышканда да, ошол кездеги бийлик «курал-жарак менен коркутуп, кыр көрсөтүп койсоңор эле качып кетишет» - деп ойлошуп, Форумдун алдына жиберишкен. Тилекке каршы, бийликтин ойлогон ою ордунан чыкпай, жаалданган эл Ак үйгө каршы бет алышкан.

- Анан «Альфанын» кызматкерлери элге каршы ок чыгарышкан деп камакка алынып, жоопкерчиликке тартылышты го

- Элге каршы ок чыгаруу ниети болгондо, ошол жерден эле колдонушмак, иш жүзүндө андай болгон жок да. Эл көп болуп, саат 11лер чамасында алардын машинесин курчап, өздөрүн ур-токмокко алышып, курал-жарактардын баарын тартып алышкан. Жабыр тарткан офицерлердин көпчүлүгү ооруканага жеткирилсе, калгандарын саат 17:00 Ак үйгө барууга УКМКнын жетекчилиги буйрук берген. Иш жүзүндө саат он эки, бирлерде эле ок жегендер пайда болгон. Ак үйдүн ичинде ИИМдин, Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери курал-жарактары менен кайтарып турушкан. Тергөөдө экспертизанын жыйынтыгы көрсөткөндөй, Альфа офицерлеринин бирөөсүнө да олуттуу далил таппай, алардын командири Алмаз Джолдошалиевди 6 жылга негизсиз соттоп жиберишкен.

- Эгемендүүлүк алгандан кийин Кыргызстан алгачкы жолу 1999-жылы сырткы душмандардын кол салуусуна дуушар болуп, куралдуу күчтөрүбүз эч нерсеге жөндөмсүз экенин көрсөткөндөй болду эле. Деги эле, ошондогу япон геологдорун туткунга алган террористтерди жок кылуу «Альфанын» түздөн-түз милдети беле?

- Ошол окуялардын чын-бышыгын көбү так билбей эле куралдуу күчтөрүбүз жөндөмсүз деген негизсиз кине коюп келишет. Иш жүзүндө, тиги япон гелогдору башка өлкөнүн жарандары болгондуктан «япон туткундарын сүйлөшүү жолу менен аман-эсен куткаруу» - тапшырмасы бийлик тарабынан коюлган. Себеби алар каза болуп калышканда эл аралык аренада мамлекеттин бедели түшүп, чет элдик инвестициянын келүүсүнө тоскоолдук жаратмак. Ушундан улам, биздин куралдуу күчтөрдүн аскерлери бар куралдарын колдоно алышпай, бийликтин буйругун күтүп калышкан.

- Ал терористтердин оздүгү такталды беле, эмне максат менен Баткенге келишкен?

- СССР таркаган сон, Өзбекстандын президенти И.Каримов ислам уюмдарына согуш жарыялаганда, көпчүлүк радикал уюмдун мүчөлөрү Афганистанга качып кетишкен. Анда жанкечтилердин лагерлеринде машыгып, өздөрүнүн таасирин өзгөчө Фергана өрөөнүнүн жашоочуларына тийгизип турушкан. Кийин Өзбекстан Ислам кыймылын түзүшүп, Эл аралык терористтик уюмдар тарабынан каржыланып келишкен. Анан Өзбекстан бийлигинен өч алуу максатында Афганистандан Тажикстанга, андан биз аркылуу өтүү үчүн, Баткендин Зардалы, Коргон, Раут, Палал Ооз айылына кирип келишкен. Башкы максаты – коншулардын Фергана, Андижан аймагына өтүү болчу. Эгер, өтүп кетишкенде анда чоң башаламандык болмок. Бирок, Кыргызстандын аскерлери алардын жолуна бөгөт койгонунан Баткендин тоолорунда камалып калышат.

- Бизди кызыктырганы, Кыргызстандын бийлик жетекчиле кандайча алардын колуна түшүп калган?

- Алгач 4 япон геологунан кабар алып коюуу максатында алардын тоодогу базасына барган генерал Шамкеевди 2 аскер кызматкери менен кошо колго түшүрүшкөн. Бийликти ойлонткону 4 япон геологу менен кошо котормочусунун туткунга алынышы болгон.

Аларга Баткен районунун акими, райондун коопсуздук кызматынын башчысы жана Коргоо министрлигинин тынчылык башкармалыгынын эки жетекчиси терорристер менен сүйлөшөбүз деп аттарга минип, 20 жоокердин коштоосунда «Уч кудук» деген ырды созуп баратышканда, Абдулазиз деген терористтердин талаа командири 10 чакты жоокери менен бадалдын түбүнөн курал менен чыга калып, туткунга алат. Бираз убакыт өткөн соң, автоматтардын окторун алышып, коштоп бараткан 20 жоокерди бошотуп жиберишет.

- Буларды сүйлөшүүгө ким жиберип жатты, кандайдыр бир штаб түзүлүп, ошол жактын макулдашуусу, тапшырмасы менен кетип жатыштыбы?

- Кептин бары, ошол бирдиктүү штабдын болбогонунан, ар бир министрлик эле баатыр болгусу келип, өзүм билемдикке салганынан улам, колго түшүп, япондордон тышкары дагы кошумча көйгөйдү жаратып жатышты да.

- Анан район жетекчилери кантип туткундуктан бошотулганы кызык болууда.

- Бактыга жараша, булар Шудман, Жылуу Суу деген тоого жакын аймактан орун алышып, биздин туткундарды ошол жерде кармап турушкан. Бир нече сүйлөшүүлөрдөн кийин эки эшекке эки мүшөк ун менен кошо кошумча каражат берилип, алмашуу жолу менен оңой эле чыгарылган.

- Япон геологдорун эшекке жүктөлгөн тамак-ашка алмаштыргылары келбей койдубу?

- Ар бир япон геологу үчүн терористтер көптөгөн талаптар менен бирге көп суммадагы каражат сурап туруп алышты. Терористтер калган туткундарды Хожаачкан деген жерге алып кетишкен. Кыргызстандын «Скорпион» жана «Альфадан» түзүлгөн тобу аларды бошотуу операциясын жүргүзүп, тегерегин курчай баштаганда, террористтер түн жамынып, Тажикстандын Хаит деген айылына өтүп кетишкен. Алар өздөрүнүн башчылары Жума Намангани, Тахир Юлдашевдин Тажикстандагы базасына, туткундарды алып кетип калышканы тууралуу маалымат алдык. Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары, генерал-полковник В.Верчагин экөөбүз Карамык постуна чейин вертолет менен учуп, андан Хаитке чейин 130 км Нива менен 4 жолу барып, Искендер Шох, Жерге Талдын акими Давлеталиева жана террористтердин башчылары менен сүйлөшүү жүргүзгөнбүз.

- Жыйынтыгында кантип бошотулду?

- Турсунбай Бакир уулу менен Нурдин Темиров Афганистандагы Аль-Каиданын жетекчилерине жолугушуп, сүйлөшүү жолу менен чыгарышына жардам берди.

Хаитке төртүнчү ирет гана бошотууга макул болушкан соң, япондорду мончого түшүрүп, камуфляш кийгизип, Карамыкка чейин машине менен, андан Баткенге вертолет, Кантка чейин учакка салып жибергенбиз. Бул деген Тажикстан бийлиги терорристер менен күрөшпөй, тескерисинче аларды өздөрүнүн коюн-колтугунда жашырып жүрүшкөнүнүн дагы бир далили.

- Террористтер Ислам Каримовдон өч алганга жол ачылбай, тынч эле кайра Тажикстандын аймагына өтүп кетишкен тура. Алардын тагдыры кийин эмне болду?

- И.Каримовго ошол эле жылы кол салуу болуп, жыйынтыгында 20дан ашык киши өлүп, 150дой жарадар болушкан. Жардыруу уюштурган жанкечтилердин 12си Кыргызстандын аймагында жашынып жүргөн жеринен күч колдонуу менен Альфанын жигиттери колго түшүрүшкөнүн баса белгилегим келет. Алар Афганистандан тышкары, Чеченстанда жанкечтилер армиясын жетектеп жүргөн Хатабдын окуучулары болуп чыгышкан. Эгер аларды колго түшүрө албай калганыбызда, жакын арада Андижандын бир канча жеринде жардыруу уюштурушуп, канча деген күнөөсүз адамдар набыт болушмак. Ар бир куткарылган өмүр – бул биздин чоң жеңишибиз.

Мындан тышкары, Альфанын жетишкендиги катары 2006-жылы Тажикстандан Кадамжайга кирип келип, үнкүрдө жашынып алган террористтердин жок кылынышын, 2011-жылы Жайшул Махди уюмунун мүчөлөрү укук коргоо органынын 5 кызматкерин өлтүрүшүп, Арашан айылынын четинде жашынып жаткан жеринде жок кылынганын да айтып коюуу керек.

- Артур ага, адам өмүрүн жана коопсуздугун сактоодо сиз башында турган жоокерлерге ийгилик жана ден-соолук каалайбыз. Себеби, сиздердин ишмердүүлүгүңүздөр кылыч мизинде, октун учунда, өмүрүңүздөрдү тобокелчиликке салуу менен өтөт. Андыктан, «Альфа» тобунун майрамы кут болсун, бар болунуздар!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости