www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Теке-Секирик" долбоору ишке ашканда бүгүнкү Баткен окуялары болмок эмес. Мындай пикирин депутат Султанбай Айжигитов бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар энергетика министри Таалайбек Ибраевдин маалыматын укту.
"Теке-Секирик" долбоору 16 жылдан бери сунушталып келе жатат. Эгер ушул долбоор ишке ашканда бүгүнкү Баткен окуялары болбойт эле. Өзүңөр билгендей аталган долбоордо ГЭС куруу да каралган. Өткөндөгү сүйлөшүүдө суу агенттиги менен иш алып барабыз дегенсиңер. Ошол бойдон бул масле туруп калды. Биргеликте иш алып барасыздарбы?", - деп министрге депутат суроо узатты.
"Ал сүйлөшүүдөн кийин биздин чакан ГЭСтин директору долбоор институтуна барышып, сүйлөшүүлөр жүргөн. Энергетика тараптан эч кандай маселе жок. Бул долбоорду колдойбуз. Бирок, биз суу чарбасына үстөмдүк кыла албайт экенбиз. Ал эми, биз тараптан маселе дароо эле чечилет", - деп жооп берди министр.
Булак: NazarNews.kg