www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АША көлдүк кытайлардан кагуу жеди...

Мурдагы президент Атамбаев кайсы аймактын “кулуну” экени ушул кезге чейин коомчулукка так белгилүү эмес. Атамбаев өзү шамал кайсы жактан соксо ошол жактык боло калып, элдин башын маң кылган жайы бар.

Мисалы, Бакиевдин бийлигинин учурунда премьер-министрликке “бийлик менен оппозициянын ортосундагы көпүрө” болуу “ардактуу” миссиясы менен келгенде, “Мен Баткенден болом. Ичкиликмин”, - деп чыккан. Мындай күтүүсүз бурулушка баарынан да мурдагы президенттин кичи мекендештери нааразы болушту.

Чүй боорунда төрөлүп, Чүй жеринде өсүп-өнүп келип эле капысынан баткендик болуп чыга калганы таарынычтуу болду окшойт да. Коомчулукта ишенгендер да табылды. Атамбаевди Баткенден, ичкилик уурусунан деп таанып биле башташканда, дагы бир жаңылыгы ачылды. Таласка кайсы бир жыйынга барганда, “Менин түбүм Таластан, Чүйгө көчүп кеткен кытай уурусунанмын”, - деп анда дагы бир таң калтырды. Баткен менен Талас өлкөнүн коңшу жайгашкан аймактары болсо да, түшүнүү мүмкүн эле.

Балким, бир убакта эки жакка көчүп-конуп жашашкандыр деп. Кыргыз көчмөн калк экени белгилүү эмеспи, мурдагы президенттин башта айтканын кийин унутуп, же желаргы кайсы жакка айдаса ошол жакка багыт алган адатын аз да болсо актоого мүмкүнчүлүк табылмак. Атамбаевдин капысынан эле таластык болуп чыга келгенин ал убакта Чыңгыз Айтматовго жакындашуу катары баалагандар болгон.

Албетте, жер-жерлерге бөлүү туура эмес. Кыргызстан ар бир кыргызстандыктын мекени, ал таластыкпы, баткендикпи, чүйлүкпү айырмасы жок. Бирок, жалпы Кыргызстанга таандык уул болуп койбой, улам бир аймакты өз кызыкчылыгына карай баса белгилеп, Атамбаев ошол аймактын “кулунуна” айланса эле, ошол элдин башына төбөсүнө Ай, түндүгүнө Күн конуп калчудай кыла бергени оңтойсуз көрүнөт. Ал эми азыр болсо Чүй боорунда жайгашкан Кой-Таш айылындагы үйүндө жердештеринин курчоосунда отурат.

Улам шыкактап, түндүк-түштүк маселесин курчутуп, жердешчиликке басым жасагандан чарчай элек. Аыркы шыбырга карасак, “мен кытай уурусунан болом!”- деп көлдүк кытайларга колдоо издеп барып, алардан кагуу жеп, шаабайы сууп кайтыптыр.

Буга чейин ал: “бийлик тийише берсе Кыргызстан экиге бөлүнүп кетиши мүмкүндүгүн” да айткан. Элди бөлүп жибергенден кайра тартпаган арамдан Кыргызстанды куткарууга бийликтин алы жетеби? Маселе ушунда, деп “Майдан. kg” гезити өз пкирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости