www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз экономикалык стимулдаштырууда ички ресурстарды активдүү колдоно баштадык. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында билдирди.

«Бүгүн жыйында ички күн тартибиндеги өтө актуалдуу маселелер каралат. 2019-жыл Өкмөт үчүн макроэкономиканы турукташтырууда, социалдык кырдаалды жакшыртууда конкреттүү кадамдарды жасоочу жыл болуп турат. Коомдун актуалдуу маселелерин чечүүдө Өкмөткө Кыргыз Республикасынын Президенти жана Жогорку Кеңеш чоң колдоо көрсөткөндүгүн баса белгилеп кетким келет. 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгы коомубузда коомдук-саясий окуялар жана бир катар эл аралык иш-чаралар менен эсте калды деп ойлойм», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, өлкөдө бул мезгилде 10дон ашык жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чаралар өткөрүлүп, алардын алкагында Россия Федерациясы менен 6,2 млрд АКШ доллары, Кытай Эл Республикасы менен 7,6 млрд АКШ доллары, Корея Республикасы менен 145 млн АКШ долларына бизнес-контракттар жана келишимдер түзүлдү.

«Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө бир нече маанилүү фактыларга көңүлүңүздөрдү бургум келет. Өлкөнүн экономикасы дүйнөдөгү терс өзгөрүүлөргө, тышкы кризистик таасирлерге карабастан, макроэкономикалык оң көрсөткүчтөргө ээ болду. Биз экономикалык стимулдаштырууда ички ресурстар активдүү колдоно баштадык», – деп белгиледи Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев макроэкономикалык көрсөткүчтөргө токтолуп, өлкө ИДПсынын көлөмү 232,5 млрд сомду түзүп, 6,4% өскөнүн белгиледи.

«Кумтөр» ишканасын кошпогондо өсүш – 2,1%га чыкты. Ошону менен бирге экономиканын бардык секторлорунда өсүш камсыз болду. Отчеттук мезгилде өлкөнүн өнөр жай субъекттери тарабынан 127,5 млрд сомдук продукция өндүрүлгөн. Белгилей кетсем, биз ички өндүрүшкө түрткү берүү менен өзүбүздүн ресурстарды пайдаланууга өтүп жатабыз. Муну менен биз атаандаштыкка жөндөмдүү экономикага негиз түптөп жатабыз. Өнөр жай өндүрүшүнүн мурдагы даңктуу салттарын кайтарышыбыз керек. 108 ишкана ишке кирип, 25,2 миң жумушчу орундары түзүлдү. Анын ичинде 23,5 миң орун жеке ишкердикте ачылды. Өнөр жайында – 2820, тамак-аш жана кайра иштетүү  42 жаңы ишкана ишке кирип, 1278 жумуш орундары түзүлдү», – деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт тараптын берген маалыматына таянсак, быйылкы жылдын ичинде бир катар ишканалар ачылган. Алар: Ошто “ОАЗИС-АГРО” минералдык тоют өндүрүшү, (250,0 миң евро); Ош облусунда «Иликс» кагаз ишканасы (70,0 млн. сом); «Сүлүктү шахта курулуш» көмүр кени (103,5 млн сом); Шопоковдо «Ак-Кайың» кагаз фабрикасы (220 млн сом); Ош шаарында “Кыргыз Текстиль ЛТД” (70 млн АКШ доллары) ишканасы; Кулброс 250 адам (5 млн АКШ доллары), ТМАЙ ишканасы 700 адам (40 млн АКШ доллары).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости