www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомчулукта Азиз Батукаевдин түрмөдөн кантип чыгып кеткендиги жөнүндө уу-дуу кептердин аягы тыйылбай келүүдө. Балким, бул тергөө иштеринин толук кандуу эмес, бүдөмүк жүргүзүлүп жатканынан улам болуп жүрбөсүн деген ой келет.

Себеби, баарына маалым тергөө органдары мындай чуулгандуу иштерден жеке капчыктары үчүн акча жасаган учурлар болгон, болуп дагы келет. Болбосо эмнеге мыйзам ченемдерин кылдат сактаган, тергөө амалдарынын сырын ийне-жибиндей билген КРнын Башкы прокурору Ө.Жамшитов баш болуп, акча менен келген, эл арасында “чимкирик” атыккан парламент, паракорлугу менен таанылган КРнын Жогорку соттун судьяларынын жана тергөө органдарынын баштары ушул убакытка чейин маң болууда?

З. Рысалиев, А.Салянова, Ф. Жумашева мыйзамдын жөнөкөй талабын аткарбай келишкенин тергөө органдары али күнчө тескеп, териштире албай жатканын кандай түшүнүүгө болот? Баарынан дагы тергөөгө чакырылганда З.Рысалиевдин Алласы озуна келе түштү, анткени, ал олжолуу болуш үчүн Батукаевди самолётко чейин узатып барган, демек, кызыкчылыгы болгонуна далил. Ошентип, анын калп сүйлөп, тергөөнү жана коомчулукту алдаган аракети суу кечпей калды. Атамбаевдин тегерегинде ошол убакта А.Салянова, Ф.Жумашова, И.Жолдубаева ажырагыс супер-пупер подружкалар катары элге таанылышкан. Чындыгында үчөөнүн ынтымагына Ак үй, көк үйдүн чиновниктери суктана карашчу.

Ал эми А.Атамбаев И.Жолдубаева аркылуу көп арам ойлорун ишке ашырып келгени азыр билинип отурат. А. Атамбаев кызмат абалынан пайдаланып, үч сулуунун колдору менен бир далай саясатчылырды камакка алдырып, материалдык байлыктарына жана ден-соолуктарына зыян келтиришкен. Мунун кесепети бүгүн тийип жатат. Атамбаев келиндерге жакын болгону арийне, баштатан эле айтылып жүрчү, ал тургай жууркандан бут чыгарып алышып, көп маселелерди чечишкендерин дагы айтып келишкен. “Жел болбосо, чөптүн башы кайдан кыймылдасын” дегендей, алардын мындай жосунсуз жоругун Ак үй, көк үйдөгүлөрдүн бардыгы билсе керек. Атамбаев аракеч болсо дагы өкмөт менен чимкирик парламентти тизелетип койгон, чимкириктерге арстан болгон.

Ал эми Батукаевге келсек, Атамбаев Батукаевди чыгарууну Индира Жолдубаевага дайындаганы белгилүү. Индира айым кезегинде “подружкаларына” айтып, Аида Салянова орун басарларына дайындап, Феруза Жумашова өзүнүн орун басары Канат Турганбаевге табыштаган. Айтмакчы, Феруза айым көптөгөн мыйзамсыз ыпылас иштерди дал ушул Канат Турганбеков аркылуу жасап келгенин анын айланасындагы эле сот кызматкерлери али күнчө кеп кылышат. Буга чейин мен анын киллер А. Итибаевди эки жолу абактан бошоткону жөнүндө жазып чыккам. Ал эми Нарын облусунун соту Жапар Эрматов 2013-жылдын 9-апрелиндеги чечими менен Батукаевди оор дартына байланыштуу жаза мөөнөтүнөн мурда бошоткон. Соттун чечими күчүнө кире электе эле Аида Салянова чимкирик парламенттен Батукаевди актап, жактап, “мыйзамдуу бошотулду” деп кара жанын жеп, адвокаттын ролун ойногонун кантип унутабыз. Соттун биринчи инстанциядан чыгарылган чечими күчүнө кире электе, түрмөнүн көзөмөл кылган прокурору он күндүн ичинде чечимге макул же макул эместигин билдирип, соттун чечимине сунуш жаза электигине карабастан корбашчылары баш болуп, Батукаевди өтө тездикте чыгарып ийгенин кантип оор кылмыш эмес деп айта алабыз? Мындай кылууга Кыргыз Республикасынын мыйзамында жол берилген эмес, бирок, иш жүзүндө болгон окуядан улам өлкөдө мыйзам иштебей турганы дагы бир жолу тастыкталды. Демек, мамлекеттик жогорку кызматтагылар үчүн мыйзамдын күчү жетпейт экен. Он күн өтүп, соттун чечими күчүнө кире электе эле З.Рысалиевдин шашып-бушуп Батукаевди аэропортко чейин узатып койгонунда мандем бар. Ал эми Аида Салянова надзордук прокуратуранын оозун басып, мыйзамдын бузулбагандыгын Жогорку Кеңеште жар салганына мыйзамды түшүнбөгөндөрү, түшүнгөндөрү деле бир ооз эч нерсе дей албай, ичинен түтөшүп, мыйзам ээлери тим болуп, бир жерин “кысып” отурганы таң калтырбай койбойт. Батукаевге ошентип ак жол ачылган.

Феруза Жамашова менен Канат Турганбековдун кылмышка аралашкандары билинбей жатабы же билмексенге салынып жатабы, айтор, иттин өлүгү ушу жерде жаткандай. Бирок, КРнын башкы прокурору Ө.Жамшитовдун И.Жолдубаевага жана Ф. Жамашовага эч кандай чара көрбөй жатканы табышмактуу сыр бойдон калууда. Индира Жолдубаеванын Батукаевди бошотууда башкы ролду аткаргандыгы үчүн эмнеге юридикалык баа берилбейт.

Мыйзам бардык өлкөнүн жарандарына таандык, мыйзам жердешчиликтен, түндүк-түштүккө бөлүнүүдөн алыс болуп, регионго, аймактарга бөлүнбөй аткарылууга тийиш. Кылмышка шектүүлөргө карата тергөө иштери мыйзам чегинде, тең салмактуу жүрүшү абзел. Мыйзамга туура келбеген жагдайлар тергөөдө бардык жагынан тыкыр иликтенип, юридикалык баа берилиши керек. Эгерде тергөө үстүртөн, тандалмалуу жүргүзүлсө, эл ичинде кээкер кеп кетет, адилеттүү, акыйкат тергөөгө ишенич жоголот. Соңунда айтарым, Кыргыз Республиканын мыйзамы карапайым адамдарга тандалбастан кандай колдонулса, аткаминерлерге дагы ошондой колдонулушу керек, ошондо гана элдин бийликке ишеними артат.

Укук коргоочу Качкынбек Булатов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости