www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Аялдын аялы да бар, аяры да бар, эркектин эркектин эркеги да бар, эркек эмеси да бар”, демекчи айрым бир эркектен эптүү кыздар бар. Ошол эрктүү кыздардын бири продюсер Дана Абдыбековага таандык. Буга чейин Дана Абдыбекова, Элнура Кулуева Жамалбек Рысалиев баштаган долбоорлор бир нече ийгиликтерди жаратып, ал тургай кыргыздын “Беш бармагын” Гиннестин китебине киргизгендердин алдыңкы тизмесинде турат.

Жакында эле 18-19-20-июль күндөрү  Маданият министрлигинин жана Ак - Талаа администрациясынын колдосу менен Соң-Көл өрөөнүндө сулуулуктун символу болгон “Акмөөр” фестивалы өткөрүлдү. Фестивалга Кыргызстандын баардык облустарынан 9 кыз келип катышты. Атайын фестивалда сулуулук сынагы гана эмес, кыргыздын улуулугун даңазалаган ат оюндары менен коштолгон.   

--Аталган фестивалга КР маданият министрлиги жана Ак-Талаа администрациясы, аким Нурбек Молдокадыров эң мыкты колдоо көрсөтүп оорубузду колдон алды. Аким Нурбек Молдокадыровго терең ыраазычылык билдиребиз. Албетте, фестивалда кыргыздын көчүн улаган белгилүү ата-бабаларыбыздын нарк-насилин, кыргыздын улуттук-каада салттарын, кийим-кечесин, элибиздин улуулугун даңазалаган фестивал болуп өттү. Байгелер өз ээлерин тапты, - деди Дана Абдыбекова.

Эске сала кетсек продюсер Дана Абдыбековага, КР Аялдар Конгрессинин президенти Замира Акбагышева “Эмгектеги жетишкендиктери, жогорку кесиптик чеберчилиги жана көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн Кыргызстан Аялдар Конгрессинин “Жылдын мыкты айымы” медалы менен сыйлады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости