www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ТИМ министринин экс-орун басары Аскар Бешимов ТЭЦ коррупциясы боюнча:
"Бул жерде бардыгы аябай шашылыш болгон. Ошого окшогон келишим боюнча "өз оюңарды айткыла" дегенде адатта 15 күн убакыт берилчү эле. Бирок ошол келишимдин долбоору келгенде бизге Сапар Исаковдун колу менен "үч күн ичинде жообун бергиле" деген маанидеги кызматтык кат "кызыл" көзөмөл белгиси коюлуп келиптир.
Анан ушундай чоң долбоор болуп жатса, бизге "үч күндүн ичинде эле жообун бере койгула" дегени аябай чоң шек туудурду. Биз бул маселе боюнча тиешелүү департаменттин жана элчиликтин кызматкерлери менен шашылыш болсо да жыйналып, кеңешип туруп, дасыккан дипломаттардын сунуштарын эске алуу менен "бул келишимдин кесепеттери биздин мамлекеттин эгемендиги үчүн коркунучтуу" деген жыйынтыкка келгенбиз.
Бирок биздин ал каршы пикирибизге көңүл деле буруп коюшкан жок.
Ошондон кийин биз бул келишим боюнча формалдуу түрдө эле макулдашуу өтүп жатканын байкадык. Андан соң президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмү өзүм билемдик менен аны макулдашуудан өткөрүп, кол коюуга бердирип таштаганы кийин белгилүү болду".
Эльмира Мадиева
Булак: NazarNews.kg