www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев башка көпөстөрдөн деңгээли бийиктигин тастыктап, Ак-Талаа районунун Баетов айыл округунун Кайыңды-Булак айылындагы менчик имаратын жалпы элге мектеп катары пайдаланууга берди. Ачыгын айтыш керек, азыркы ачкөз; алдым-жуттум заманда мындай марттыкты эч ким жасай албайт.

Дегенибиз, бул бир алакандай жер эмес, аянты бир гектар, өзү үч кабат, жалпы наркы миллиондогон сомго бааланат. Кейиштүүсү, ушундан дагы саясат жасап, жек көрсөткөнгө аракет көргөндөр чыгууда. Биз ушунчалык жамандыкка чулганып алыппыз, бергенге да ыраазы болбой калдык. Ал жерде эч кимдин аты да, заты да өчпөйт.

Муну Ак-Талаанын акими Нурбек Молдокадыров тастыктап:

“Ал имарат үч кабаттуу, аянты бир гектар, спорт аянтчаларын куруу мүмкүнчүлүктөрү да бар. Наркы 100 миллион сомго чамалайт. Ушуну бекер берем десе кантип албай коёбуз?! Депутат объектини бизге берип апасынын ысымын ыйгаргыла деди. Буга макул болдук. Ал эми эски мектепте Бакый Мусүралиеванын аты калат, бул өзүнчө мектеп болот. Баетовдогу мектептин курулу шу акчанын жоктугунан беш жылдан бери бүтпөй турат. Ага 30 миллион керектелет. Муну 5 миллион сомго оңдоп-түзөй алабыз» деди.

Анан мындан эмнегедир кынтык издеп, «бөйрөктөн шыйрак чыгарып» жаткандар да жок эмес. Тескерисинче колдобойлубу?

Канткен күндө да Камчыке эч бир көпөс жасай элек саамалыкты баштап, алгылыктуу иш жасады го…

Булак: “Де-Факто”

Последние новости