www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 5-ноябрда сырттан айыпталган мурдагы депутат Аскарбек Шадиевге козголгон кылмыш ишин карай баштайт. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдирди.

Өткөн аптада Башкы прокуратура Шадиевге байланыштуу иш тергелип бүтүп, сотко жиберилгенин кабарлаган.

Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясынын мүчөсү, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге Башкы прокуратура алгач "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы жүйө келтирилген.

Бул кылмыш иши козголгондон көп өтпөй Шадиев Кыргызстандан качып кеткени ачыкка чыккан. Анын АКШда экени кабарланып, Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү", "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо" беренелери менен да айыптар тагылган. Шадиев азыр укук коргоо органдарынын издөөсүндө.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2-ноябрда Шадиевди депутаттык мандаттан ажыратты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости