www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу райондук соту контрактык негизде кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерин 1 жарым жылга эркинен шарттуу түрдө ажыратты деп жазат 24.kg.

Билдирүүгө ылайык, 25 жаштагы аскер кызматкери аскердик бөлүктөн качып кеткен. Ал кызматта 16 сутка жок болгон.

Ага лейтенант күнөөсүн мойнуна алып, буга чейин аны башка бөлүккө которууну суранганын айтты. Бирок, анын өтүнүчү орундатылган эмес. Ал үйүнө өзүм билемдикке салып кетип калган.

«Үй-бүлөлүк көйгөйлөрүм бар болчу. Бишкекте ата-энем ар дайым урушуп турчу. Акыркы жолу апам телефон чалып атам сабап койгонун айтты. Кызматтан кетүү тууралуу рапорт жазгам, бирок жооп ала алган жокмун. Кийин кайра кызматка өз ыктыярым менен келдим. Кылган ишиме өкүнөм, мени кечиргиле», -дейт ага лейтенант.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости