www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматттуу Сооронбай Шарипович, Кыргызстанда бийликке келгенде атасынан калган кызматтай былкылдабай, уялбай олтурган Кыргыз чиновниктерине таң каламын!

Алсак, Толкунбек Абдыгуловдон башка Улуттук Банкты башкара турган финансист - банкир Кыргызстанда жокпу?

Толкунбек мырзанын сабатсыз саясатынан улам Кыргызстандык Россиядагы мигранттар жана алардын үй-бүлөсү, Кыргызстандык дыйкандар пайдасынан ажырап келе жатат!

Буга чейин мигранттар которгон 1000 рублга =1560 сом алса үй-бүлөсү азыр 1005 сом алат!

Мурун 1 тонна картошканы Казакстанга 100 000 тенгеге сатып, 33000 сом алса дыйкандарыбыз азыр 19 000 миң сом алат! Ошондуктан Казакстанга эт жана башка азык-оокаттар экспорттоо толугу менен  90% азайды!

Кыргызстандын Улуттук Банкынын саясаты өлкөдө өндүрүлгөн продукцияны экспорттоп өлкөгө көп валютаны алып келүү эмес, инвестиция тартып Кыргызстанда продукция өндүрүп экспортоо эмес, доллардын курсун кармап туруп импортко элди “зависимый” кылуу болуп эсептелет!

Урматтуу КР Президенти Сооронбай Шарипович, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдан калган тегерегиңиздеги кадрлардан айрылып, илимдүү - билимдүү, патриот, дүйнө кыдырып окуп иштеп жүргөн Кыргыздын мыкты уул-кыздарын жаныңызга тартсаңыз жакшы болот эле!

Сизди терең урматтоом менен диполомат Айбек Артыкбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости