www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Апрель» телеканалынын эфирге чыгуусуна Аскердик прокуратура тыюу салды. Бул тууралуу аталган телеканалдын сайты жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 26-ноябрда «Санарип технологиялар» ЖЧКсынын жетекчиси Кубат Оторбаевдин наамына прокуратурадан кат келген.
Аскердик прокуратура жөнөткөн катта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен «Апрель-ТВ» ЖЧКсынын «Санарип технологиялар» ЖЧКсындагы үлүшү камакка алынганы эскертилет. Тергөөчү Канат Биримкуловдун ою боюнча, үлүштүн мүлктүк камакка алынышы — канал жетекчиси Дмитрий Ложников «Санарип технологиялар» ЖЧКсынан «бир нерсе талап кылууга, ошондой эле, «Апрель» телеканалынын трансляциясына укугу жок» дегенди билдирет.
Аскердик прокуратуранын тергөөчүсү «Санарип технологиялар» ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн «Апрелдин» эфирге чыгышына уруксат берген жыйынын «мыйзамсыз» деп атаган.
Эскерте салсак, 2019-жылдын 21-ноябрында негиздөөчүлөр жалпы жыйын өткөрүшүп, анда жашыруун добуш берүү жолу аркылуу «Апрель» менен «7-каналга» эфир берүү чечими кабыл алынып, канал 26-ноябрда обого чыга турганын билдирген.
Бирок Аскердик прокуратура бүгүнкү катында бул чечимге каршы чыгып, курамына 21 телеканал кирген «Санарип технологиялар» ЖЧКсынын өзүнүн ишмердигин токтотуп кое турганын эскерткен.
Булак: NazarNews.kg