www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Ленинград облусунда кыргызстандык жаран көпүрөдөн кулап, каза тапты. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Тосно шаарынын тергөө кызматы окуянын жагдайларын териштирип жатат. 30 күндүн ичинде кылмыш ишин козгоо же андан баш тартуу чечимин кабыл алат. 

“Кыргызстандык «Идж Ичташ Асталди Иджа Иншаат Аноним Ширкети» компаниясынын филиалында айдоочу болуп иштечү. Фирма маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү жана аны коштоп бара турган адамга кете турчу каражаттын баарын төлөп берет. Маркумдун артында балдары калгандыктан ал иштеген фирма компенсация төлөп берет жана бардык айлыгын которот. Элчилик камсыздандыруу компаниясынан компенсация төлөтүп берүү маселесин карап жатат”,- деп ведомстводон билдиришти. 

Эске салсак, кыргыз жаранынын жансыз денеси 22-ноябрда Санкт-Петербург - Москва федералдык трассасынын четинде табылган. Маркум желкесинен жаракат алган. Анын сөөгү ичинде жүгү жок КамАЗдын жанынан, көпүрөнүн астынан табылган.

Айрым маалыматтарга караганда, 43 жаштагы маркум Кыргызстандан Орусияга 1 жыл мурун барып, айдоочу болуп иштеп жатканы айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости