www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Руслан Акматалиев "Асман" экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Эске салсак, 2021-жылдын январь айынын башында аталган кызматка Elite House курулуш фирмасынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев дайындалган. Бирок кийинчерээк анын ээлеген ордунан бошотулганы айтылган.

Буга чейин ЖМКлар Акматалиев "аталган долбоордун авторумун" деп айтканын жазышкан. Жаңы жетекчинин айтымында, шаардын эскизин анын агасы тарткан. Мындан улам ал эмнеге бул орунга Файзиев келип, өзү орун басары болуп калганын түшүнбөй жатканын билдирген.

"Асман" шаарын куруу

2021-жылдын июль айында президенттин администрациясы Ысык-Көл облусуна караштуу Тору-Айгыр айылына жакын жерде 500 миң адамга ылайык инновациялык "Асман" шаарын куруу пландалып жатканын кабарлаган. Бийлик "Асман" Кыргызстандын экономикалык жана туристтик борбору болорун айткан. Болочок шаардын долбоордук чечимдерин иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык топ түзүлгөн болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости