www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарында, Ат-Башы районунун Арпа жайлоосунда кутурмадан кырылган койдон кесел жуктуруп алышы мүмкүн деп шектелген 18 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Карантиндик жана өтө кооптуу оорулар боюнча республикалык борборунун директорунун орун басары Нурболот Үсөнбаев “Азаттыкка” билдирди.
Арпа жайлоосунда кутурмадан кырылган элүүдөй койдун өлүгү 15 күндөй талаада жатып, мурдагүнү көмүлгөнүн жергиликтүү тургун Оёнбек Жумабаев 17-июнда “Азаттыкка” билдирген.
Казыбек айылынан Арпа жайлоосуна чыккан тургундун малына карышкыр кол салган. Бул окуядан кийин мал ээси менен ветеринар койдон кутурма ылаңынын белгилерин байкап, Бишкек шаарына текшерүүгө жөнөтүшкөн. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен малга кутурма жукканы аныкталган.
Булак: NazarNews.kg