www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусунун Ат-Башы районунда райондук соттун жаңы административдик имаратынын курулушу башталды. 8-сентябрда анын пайдубалына мезгил кутусун салуу аземи өттү.
Иш-чарага Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев, Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, Нарын облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров, сот тутумунун өкүлдөрү, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери катышты.
Медербек Сатыев жаңы сот имаратынын курулушунун башталышы сот тутумун өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам экенин белгиледи.
Жаңы имаратта судьялардын, сот аппаратынын кызматкерлеринин жана башка кызматтардын иштөөсү үчүн зарыл шарттар түзүлөт.
Ошондой эле сотко кайрылган жарандар үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү шарттарды камсыздоого көңүл бурулат.
Жогорку соттун төрагасы сот адилеттигинин сапаты заманбап инфраструктурадан тышкары, судьялардын кесипкөйлүгүнө, калыстыгына жана мыйзамдуулукту сактоосуна түздөн-түз байланыштуу экенин айтты.
Нурбек Сатаров жаңы имараттын курулушу жарандар үчүн шарттарды жакшыртып, сот адилеттигин сапаттуу ишке ашырууга жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Иш-чаранын соңунда Медербек Сатыев, Нурбек Сатаров жана катышуучулар жаңы имараттын пайдубалына мезгил кутусун салышты.
Жаңы имарат заманбап талаптарга жооп берген шарттарды түзүүгө, соттун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана район тургундары үчүн сот кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган.