www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Быйылкы жылдын август айын ысык болоорун алдын - ала айтып жатышат. Байыркы эсепчилер кандай эсептешкен?
Эсенбай эсепчи Үркөрдүн жердеги тиричиликке таасир этээрин билген. Малдын куутун да Үркөргө карата аныктаган. Үркөр батмайын жерге жылуулук кирбейт, Үркөр таң алдында чыкканда жай бүтөт, шүүдүрүм түшөт. Жаңырган Айды карап туруп, Ай чалкалап жаңырса "өзүнө жайлуу, өзгөгө жайсыз" деген.
Мындайда, эгер кыш болсо, анда өтө суук же бороон-чапкын, жай болсо абдан ысыктык (кургакчылык) же баш-аягы жок жаан-чачын күтүлгөн. Август айында эликтерде куут башталып, сентябрь айларында куут бүтөт. Бугу «Баш оонанын» аягында ышкырат (ызгырык) дейт.
Бугунун ызгырыгындай деп, анын үнү өтө уккулуктуу болуп калган чагы. Бугу баш оонанын аягында, аяк оонанын башында баш оогон жакка кетип, кезип жүрөт. Ушул себептен баш оона дейт. Августтун 15 жарыгы «сүмбүлө маалы», 15 караңгысы «мыйзам маалы» аталат. Аяк оона 19 жаңысынан тогойт деген көз караш бар, бирок тогоол белгиси анык эмес, абадагы өзгөрүш анчейин болбойт.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»