www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Динара Мусабекова, иликтөөчү, эксперт: “Каршылашуунун келип чыгышынын себеби – жергиликтүү өнүктүрүү программасынын жоктугу”, деп “Майдан. kg” гезитине маек курган.
-Эмнеге Кыргызстанда кен казуучу компаниялар менен жергиликтүү элдин ортосунда карама каршылык көп болот?
-Чыр-чатактардын себептери акыркы жолу 2014-жылы иликтенген. Ал жылы сурамжылоого Ысык-Көл жана ЖалалАбад облустарында фокус-топтор түзүлгөн. Жети-Өгүз, Чаткал жана Ала-Букада кен чыгуучу жайларды иштеткен тарап менен жергиликтүү элдин ортосундагы каршылашуу көп орун алат. Сурамжылоодо эң эле активдүүлүгүн жергиликтүү кеңештин депутаттары жана жергиликтүү администрация көрсөттү.
Каршылашуунун келип чыгышынын себеби – жергиликтүү өнүктүрүү программасынын жоктугу. Товарлар жергиликтүү базардан эмес, Бишкектен сатылып алынат. Жашоочулар жумушка алууда квота берүү эрежеси бузулаарын да айтып даттанышат.
Андан сырткары экологиялык таасир маселеси да бар. Компаниялар айлана - чөйрөгө келтирген таасири тууралуу маалымат беришпейт. Экологдор иш жүргүзүшпөйт. Жайыттардын дегредацияга учурашы боюнча көп арыз түштү.
Эл ким келип, ким кетип жатканын түшүнбөй калды. Лицензия алууда “чехарда” пайда болот.
Булак:NazarNews.kg